Зордуктоого шектелген актёр Чыңгыз Мамаевдин жубайы: «Чыңгыздын кызуу абалынан пайдаланышты»

Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти, актёр Чыңгыз Мамаев зордуктоого шектелип, 3 айдан бери убактылуу кармоочу жайда отурат. Актёрдун кесиптештери, жубайы актриса Элмира Тагаева SUPERTV каналы аркылуу коомчулукка кайрылып, соттон адилет чечим чыгарып берүүнү суранышты.

«Чыңгызды немис жаранын сабап, мыкаачылык менен зордуктаган деп жатышат. Мен ага коюлган берене менен макул эмесмин. Чыңгыз экспертизадан таза чыккан. Ал зордуктамак түгүл ал аялга тийген эмес. Айтпасам деле баарына белгилүү болуп калды, алар Чыңгыздын кызуу абалынан пайдаланышты», — деди Тагаева.

Апрель айында актёр Чыңгыз Мамаев немис жаранын зордуктоого шектелип кармалган. Буга чейин бир нече жолу актёрдун кесиптештери Мамаевдин иши боюнча соттон адилеттүү чечим чыгарып берүүсүн суранып кайрылуу жасашкан.