Зындан көлүнүн жырылып кетишине байланыштуу 500дөй адам көчүрүлдү

Тоңдогу Зындан көлүнүн жырылып кетишине байланыштуу 500дөй адам көчүрүлдү. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Мониторинг департаменти тарабынан бийик тоо көлдөрүн такай көзөмөлдөө учурунда Тоң районундагы 1 категориядагы Зындан көлү 2023-жылга салыштырмалуу суунун көлөмү көбөйүп, акыркы ай ичи суу деңгээли күндөн күнгө көбөйүп жаткандыгы спутниктен алынган маалыматтан белгилүү болгон. Атайын эсептөөлөрдү жүргүзүү менен департаменттин адистери Тоң району боюнча Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн кызматкерлерин жана тиешелүү кызматтарга көлдүн жарылуу коркунучу бар экендиги алдын ала 2 жума мурун кабарланып, ал эми көлдүн толуп агуусу болору 19-август күнү айтылган. Ошондой эле сел жүрүшү мүмкүн болгон аймакта селдин багыты моделдештирилип берилген.

Алдын ала берилген маалыматтарды жана селдин жүрүү моделин эске алуу менен Тоң району боюнча Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн кызматкерлери, Жарандык коргонуу кызматтары менен бирге Туура-Суу жана Рыбзавод айылдарында жана Тоңдун ичи тилкесинен жалпы 490 адам коопсуз жайга убактылуу көчүрүлүп, жерине инженердик техникалар нөөмөткө коюлду.