Зыян 3 миллион доллар… Түркияда каржы пирамидаларынын негиздөөчүлөрүнүн бири кармалды

ИИМдин Интерполу менен Түркиянын ИИМдин Интерполу биргелешкен ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында 2022-жылдын февраль айында эл аралык издөөдө жүргөн 65 жаштагы Ч.А. Анталия шаарынан кармалган.
Кылмышка шектүү Бишкек шаарынын Биринчи Май РИИБ тарабынан өзгөчө ири өлчөмдө алдамчылык, каржы пирамидаларын түзүү жана ага катышкандыгы үчүн издөөдө жүргөн. Кылмыштуу аракеттеринин натыйжасында Ч.А. жана анын шериктери тарабынан, 100дөн ашык Кыргыз жараны (айрым маалыматтар боюнча 2000ден ашык жаран) жабыркап, 3 миллион долларды түзгөн зыян келтирилген. Шектүү жана О.С., В.К. аттуу чет элдик жарандар өздөрүн Англияда катталган ири инвестициялык жана зергерчилик компаниясынын өкүлдөрү катары көрсөтүшкөн. Аталган топ акчалай салымдар боюнча жогорку (260%га чейин) пайыздык чендерди убада кылып, Кыргыз Республикасында иштеп жаткан “Голден кеш” жана “Кей джи голд” каржылык пирамидаларын уюштурушкан. Андан тышкары, алынган маалыматтар боюнча, кылмышкерлер КМШнын ар кайсы өлкөлөрүндө каржы пирамидаларын түзүшкөн. Андан соң, алар ири суммадагы акчаны ээлеп алып, чет мамлекеттерге качып кетишкен.

ИИМдин Интерполу Польшанын жана Өзбекстандын Интерполу менен биргеликте аталган кылмыштарга шериктеш О.С. жана В.К. аттуу жарандарды кармашкан. Азыркы учурда атайын органдар менен бирдикте аларды Кыргыз Республикасына экстрадициялоо маселеси каралууда.

“Голден кеш” жана “Кей джи голд” уюмдарынын ишмердүүлүгүнөн жапа чеккен болсоңуз, 0 (312) 66 44 64 телефону аркылуу байланышыңыз. Жашыруундуулукка кепилдик берилет.