Мөөнөтсүз айдоочулук күбөлүктү алмаштыруунун убактысы узартылды. Айдоочулардын көп болуп жатканына байланыштуу аталган акциянын чегин алып салышкан. Азырынча кайсы датага чейин узартылганы так айтыла элек. Ошондой эле мөөнөтсүз айдоочулук күбөлүктү алмаштыруу үчүн 083 справка да талап кылынбай турганы кошумчаланды.
Эскерте кетсек, буга чейин Президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев 15-январдан 15-февралга чейин айдоочулук күбөлүктү бекер алмаштырып алса боло тургандыгын айткан. Андан соң социалдык тармактарга күбөлүктү алмаштыруу үчүн керектелген 083 медициналык маалым кат алуу үчүн сааттап кезек күтүп турган айдоочулардын видеолору тарап, коомчулуктун нааразылыгын туудурган.