Кырктын кырындагы кыялкечтин кырк корутундусу

Көктөмдө көңүлдөгү үмүттөр жаңыланып, көөдөн да жаңырат окшобойбу. Ушул ойлор ар бириңиздерде уялаганынан түк шегим жок. Балким, күндөлүккө түшүрүп же акылыңызда “бышырып” жүргөн чыгарсыз. Мен тек гана кесиптик адатка салып тизмектеп, ой куржунумдан сиздер менен да бөлүшкүм келди, окурман калайык. Кошумчаласаңыз, чын жүрөктөн кабыл алам.

Төмөндө электрондук дарегимди калтырайын, тартынбай кат жазсаңыздар, маңдайым жарыла кубанарымды бөркүңүздөй көрүңүз. Балким, бушайман кылган ойлордон арылып же чар жайыт пикирлерди биргеликте иреттеп аларбыз…

  1. Капыл-тапыл кабыл алынган чечимдердин баары эле натуура боло бербейт. Кээде узакка ойлонуп отурганча туура убакты тагдырга тарттырып ийесиң.
  2. Жаркылдаган кабак, жакшы маанай, жылуу мамилени адат кылган оң экен. Ал кайра жашооңо чагылат тура.
  3. Тыпырайып тыкан жүргөн кыз, эркек дебеш керек. Бакыт деле ошол, “кыз-эркек дебей бактысын тилеш керек экен” деген эле таенем.
  4. Ката кетирген болсоң, өзүңдү жемелеп, зекий бербе, басып өтүп, сабагын аларың бар тура деп жолуңду ула.
  5. Спортту адатка айлантуу абзел экен, жок эле дегенде, басыгың жеңилдеп, саламаттыгың оңолуп, чырмалышкан ойлоруң иреттеле түшөт.
  6. Кичинемде окуган жомокто “Дүйнөдө эмне күлүк?” деген табышмактын жандырмагы “ой” экени айтылат. Чындап эле ал сени кээде космоско учурса, кээде таптакыр бир туңгуюкка таштап коёт экен. Айрым кезде ойго алдырасың… Же анын түбүнө бир жетсеңчи!.. Анан бир боштук жаралат… Аны пайдалуу нерсеге толтурбай калсаң, машакатын бир нече жыл тартасың.
  7. Эл жасаганды сен эмнеге жасай албайт экенсиң?! Баштап көр, ылайык келбесе, жаңы иште өзүңдү сына. Ушул сөздөрдү өзүмө-өзүм көп кайталайм.
  8. Маркум устатым мага “Дайым кыймылда бол!” деп жазган эле телефон аркылуу акыркы билдирүүсүндө. Чымын-куюн болуп иштеп турган убакта маңызын аңдай бербептирмин. Кийин, бир топ жыл тыныгып калгандай абалга тушукканда түшүндүм. Бул деле машыкпай калганда тартыла түшкөн булчуң сымал окшойт.
  9. Сууда сүзгөндү үйрөткөн машыктыруучу “Бул – бассейн, башыңды сууга салсаң түбү бар, суудан чыгарсаң – имарат. Чөгүп кетсемчи деген коркуу болгону – мээңде” деген. Чындап эле көп учурда санаанын баарын оюбузда эле жарата берет окшобойбузбу.
  10. “Ала кушту атынан ата” деп коюшат эмеспи. Психологиялык китеп, эмгектердин баарында сезимдериңди да таанып, так атап, моюнга ала билүү керектигин үйрөтөт. Ошондо адамга жеңил болору айтылат.
  11. Бүтүндөй өмүрүңдөгү өзөгүң балалыгыңа байланыштуу экен. Ошол үчүн улуулар балдарга болушунча бакубат балалыкты тартуулаганга умтулганы дурус.
  12. Бала кездеги атамдын жомоктору өзүнчө эле кино сыяктуу эле. Башкы оң каарман өзүң болуп аласың. Азыр деле кыялга батканда тим эле баарын кыйратып коём да .
  13. Сөздү иргеп сүйлөп же тамакты мүнөздөп жегендей эле чөйрөңдү да иргеп күтүп, китепти да ылгап окуп, тасманы да тандай көргөн жакшы.
  14. Ар нерсенин башаты – энергия, аны каныккан уйку, сиңимдүү тамак, руханий азык, материалдык каражат, спорт менен машыгуу, табият, көөдөндү толкуткан адамдар менен баарлашуудан табарыбызды айтышат.
  15. Мээни тизгиндеп алышты өздөштүрбөсөң, “эмне кыласың жаныңды кыйнап, андан көрө уктап ал” деп азгырып коюшу деле ажеп эмес.
  16. Жакшы бир ыр угуп калсам, жадаганча кайталай кыңылдап калам. Кызыктуу китеп окуп калсам, автору менен талашып-тартышып да калам оюмда. Анан терең кино көрсөм, таасиринен далайга чейин чыга албайм. Эки жылча мурун көргөн бир тасма дале көз алдыма тартыла берет, аталышы “Работа без авторства” (Never look away). Сиздерде да ушундай болобу?
  17. Кээде унуткара турган нерсе акылдан такыр кетпей, жаттай тургандар эстен чыгып кетет негедир…
  18. Баштайм деп коюп, баштай элек, жазам деп ойлоп жазганга чыгынбаган мен элеминби же?..
  19. Ар нерсенин сааты бар дешет. Дал маалында, дал жеринде болууну туя билүү деле өнөр көрүнөт.
  20. Жашоодо билгенге, туйганга белгилер чыгат тура. Сезип калсаң, илгиртпей илип кетесиң. Анте албадыңбы, бармак тиштеп же кийинки мүмкүнчүлүктү күтөт экенсиң.
  21. Саякаттаганды жанымдай сүйөм. Саякатка чыкканда Айнагүл да тим эле жайнай түшөт десеңиз.
  22. Сүйүп, сүйүлүп, бакытка балкып жашаганга эмне жетсин?!
  23. Күндө үч тааныбаган адамга деле жылмайып учурашканга аракет кылам. Жылмая жооп кайтарышса, жылуулук көпкө чейин жүрөктө уялайт.
  24. Жакшы адамдар баары бир көп ынанганга. Же маңдайыбыздагылардын, катарыбыздагылардын кай (жаман, жакшы) тарабын ойготконубузга жараша го.
  25. Турмушта убадаларды өзүң да көп берип, ошол эле учурда угушуң да мүмкүн. Башкалардан укканың орундалбаса – балким таарынычка өтүп, өзүң берген сөздөр аткарылбаса – далыңа артылган жүккө айланат белем…
  26. Өзүңдөгү артыкчылык, кемчилик, жетишкендик, катачылыктарды каттай жүргөн туура окшойт.
  27. Жашоодо баарын көзөмөлүңдө тута албайсың. Жакын курбумдун кичкинтай кызы бир ирет тамактанчу жайда ыйлап калган баланы тыңдап туруп: “Бөбөк ыйлап жатат, бирок ал биздики эмес, ээ?” – деди. Ошол чындыкты мен кыркка чыкканда аңдадым. Баарына чуркап, баарына кол суна албайт экенсиң. Кээде болгону баарын Кудайга табыштап койгонуң оң тура.
  28. Таң калып бүтө албайт экенсиң бул өмүрдө. Мени эми эч нерсе таң калтыра албайт деп оозуңду жыя электе айран таң калтыра турган нерсеге кезигесиң.
  29. Түбөлүк студентмин деп коём өзүмө. Бирок азырынча расмий түрдө бир адистиктин гана ээсимин. 80ге чыкканда деле окубасам карап тур деп коём өзүмчө .
  30. Өтмүшүмө шүгүрчүлүк келтирип, учурума каниеттенип, эртеңкимди үмүткө толтурайын.
  31. Өзүбүз жаңылбай, башкалардын катачылыгынан сабак алайын деп амалдансак да, турмуш бизден өткөн амалкөй.
  32. Жолду баскан арбытары бышык. Ката кетирип албайын деп жылбай туруп алсаң, жашоонун артыкчылыктарынан куру калгыдайсың.
  33. Жараткандын кудуретине тан берем. Ушунчалык катуу сынап туруп, жардын учунда турганыңда бери тартып алат.
  34. Адамдын дарамети да оңой олжо эмес. Колунан баары келет көңүлдөнсө…
  35. Ойду деле тизгиндей билген өнөр окшобойбу. Ушуларды тизмектеп жатып эле канча ойлорго чулгандым. Тунуу же сүкүт чалуу дейбизби, айтор, булар да адамга пайдалуу адаттар экени айныгыс.
  36. Катуу кайгырып, кыжырданып же катуу кубанганымда чекемдеги тамырлар көөп чыгып, көптө барып тарайт. Ошондон улам “Ар нерсенин ашкере, ашыкчасы залал тура” деп калам.
  37. Он сегизден ашып алганда баарыбыз кыйын, баарыбыз акылдуубуз. Бирок кээде өзүңдөн кыйла кичинелерден акылмандыкты байкайсың, бул жашка деле тиешеси жок деп каласың.
  38. “Билгенден биле элегиң көп” дешиптир эзелкилер. Же Сократ “Али эч нерсе билбесимди билем” деген экен. Анын сыңарындай, канча жашка чыкпайлы, билгенибиз – бир чымчым туз сымал эле.
  39. Наркоздон ойгонгондо дарыгерим мага: “Кош келдиңиз!” – деди. Таңыркай карасам керек, ошондо ал мага “Канчалар көзүн ачпай узап кете беришет” деп түшүндүргөн. Чын эле жашоонун өзү кандай сонун, ээ?
  40. Тирүүлүк – бул бизге аманат, өзү – бир керемет. Ар таңда көзүмдү ачканда Жаратканга “Бүгүнүң үчүн да шүгүр” деп ыраазычылык айтканга үйрөнүп келем. Канча убактым, канча ичер суум калганын ким билсин. Болгону, Элмирбек аганын чакырыгындай, “Жашоону жаркырата жашайлычы!” деп калам жакындарыма.

Кезек сизде, окурман!.. Дарегим: jadyrajasha@gmail.com. Купуялуулук сакталат.

Айнагүл Сапарбек кызы