«Асылкан Төлөнбаева айымдын калемине таандык “От кармаган Орозайым” аттуу жаңы китепти кунт коюу менен окуп чыктым». “Улуу Тоолор” басмасынын негиздөөчүсү, акын, жазуучу, котормочу, кыргыз элиндеги эң көп китеп окуугандардын бири Жумадин Кадыров жогорудагы китеп боюнча өз пикирин бөлүштү.
Эскерме публицистика жанрында жазылган бул эмгек Кыргызстандын саясий мейкиндигиндеги соңку мезгилде таанымал инсандардын бирине айланган Орозайым Нарматованын он жылдык өмүр таржымалын абдан ийгиликтүү чагылдырган экен, бир кыйла маалыматка заматта эле ээ болуп, башкы каармандын жаш болсо да абдан жигердүү экенин, жигердүү эле эмес, жетишээрлик өлчөмдө чечкиндүү да экенин, андан сырткары, көздөгөн ой-максаттарына жетиш үчүн кырдаал талап кылган кадамдарга ыкчам бара алган ийкемдүү, эрктүү жана да, кыраакы экени, дал ушул мыкты сапаттардын шарапаты тийип буга чейин басып өткөн жолундагы кооптуу учурлардан туура тыянак чыгара билген баамчылдыгын, эң негизгиси, ар дайым изденүү жолунда болуп, өзүн тынымсыз өркүндөтүүгө аракеттенип жүргөнүн байкадым. Айрыкча, жеке ишкердикти да кыйла эле мыкты өздөштүргөндүктөн, коомдук жана саясий ишмердүүлүктү жүргүзүү үчүн каржы муктаждыгын дагы өз мүмкүнчүлүктөрү аркылуу чечип келаткандыгы, өзгөчө, Садыр Жапаров куугунтукта жүргөндө жана камакта отурган кезде аны колдоо иш-чараларын уюштуруу үчүн кимдир бирөөлөр акчалай жардамын сунуш кылган учурларда дайыма сыпайы баш тартуу аркылуу өзүнүн репутациясын таптаза бойдон сактагандыгы мактоого арзыйт.
Соңку сүйлөмдө мен атайылап белгилеп өткөн эки өзгөчөлүктүн нары жагында бир чоң сыр бар.
Бул деген эгемендүүлүк келгенден бери төрт жолу саясий башкаруу алмашылган биздин өлкөдөгү саясатчылардын жаңы мууну жаралып калгандыгын жана ал муундун айрым өкүлдөрү “ашыкпай шашыл” деген ураанды көтөргөн бойдон саясий аренага чыгып келгенин көргөзөт. Ооба, соңку отуз үч жылда өлкө башчылыгы алты жолу жаңыланганы менен, иш жүзүндө саясий экономикалык багыт (курс) төрт ирет кескин бурулуп, 2005-жылы Акаевдин үй-бүлөлүк анархиялык бийлигинен, 2010-жылы Бакиевдин зордукчул-зомбулукчул башкаруусунан, 2020-жылы Убактылуу өкмөт – Отунбаева – Атамбаев – Жээнбеков биримдигинин мамлекетти бири-бирине эстафета катары өткөрүп берүү өнөктүктөрүнөн арылганбыз жана азыр Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиев чечкиндүү кадамдарга барып жүргүзгөн реформалардын доорунда жашоодобуз. Айтор, алгачкы он беш жыл бою “приватизация – прихватизация” менен алаксыгандар, кийинки беш жылда бийликти жана байлыкты ачкөздүк, уятсыздык менен биротоло басып алууга умтулгандар, андан соңку он жылдын ичинде саясатты ишкердик катары эсептегендер, же, ишкердикти саясий кызыкчылыктарга жетүүчү курал катары пайдалангысы келгендер өлкөнү башкарса, ал эми азыр буга чейин кетирилген кемчилдиктер, мүчүлүштүктөр жана адашуулар бүт бойдон оңолуп-түзөлүп, күнөөлүүлөр мыйзам алдында жоопко тартылып, казынага суук колун ашкере салып жибергендер кустурулганда гана мамлекеттин кең келечеги камсыздалмакчы деген саясат жүргүзүлүүдө.
Оппозициядагы эки лидерди (Садыр Жапаров, Адахан Мадумаров) 2014-жылдан бери алмак-салмак ээрчип, алар көтөргөн идеялар менен чакырыктарды коомчулукка жайылтуу үчүн бүт болгон күч-кубатын, убактысын, керек учурларда акча каражатын аянбай сарптап жүрүп чоң саясатка аралашып калган Орозайым бар болгону он жылда оңой эмес жолду басып өтүү аркылуу топтогон ачуу-таттуу тажрыйбаларды чагылдырган бул эскерме эмгектен мен анын жаңы муундагы жаш саясатчылардын көрүнүктүүлөрүнүн бири катары калыптанганын даана байкадым. Ишкердик – бул жекке кызыкчылык, ал эми саясат – бул жалпы элдик кызыкчылык деген эки чоң түшүнүктү эртелеп эле так ажыратып таанып алгандыгын Орозайымдын зор жетишкендиги деп эсептейм.
Бул китептин дагы бир баалуулугу – башынан аягына чейин болуп өткөн жана болуп жаткан гана окуялардын баяндалгандыгында, ал окуялардын катышуучулары жана каармандары тууралуу сөз болгон учурда алар жөнүндө автордук көз караш таңууланбай, жөн гана фактынын өзү так, таамай сүрөттөлүп өтүп кете бергендигинде. Ал эми тыянакты болсо кыраакы окурман өзү чыгарып алмакчы.
Автор менен башкы каармандын баарлашуусу катары жазылган “От кармаган Орозайымдын” баяндоо стили дагы жөнөкөй жана ынанымдуу. Коомдук жашоодогу кандайдыр бир чыңалуулардын, карама-каршылыктардын жаралуусу, алардын пайда болуу себептери жана сабактары жаш саясий ишмердин жеке тагдырындагы оош-кыйыштуу окуялар аркылуу иреттүү жана түшүнүктүү берилген. Окурман бул китепти окуп баратып эле бир кишинин образы аркылуу бүтүндөй бир коомдун азыркы акыбалы жана жалпы образы менен да жакындан жакшылап тааныша алат.
“Чыгарма талант менен эмес, турмушту мыкты билгендик аркылуу жазылат” — деп орус совет адабиятынын 20-кылымынын биринчи жарымында жашап өткөн эң залкар жазуучулардын бири Андрей Платоновдун айткан сөзү анык чындык экенине Асылкан Төлөнбаеванын эмгегин окуган соң дагы бир ирет бекем ынандым. Бул чыгарма чындыгында эле мыкты жазылган жана оюн да, боюн да саясаттан оолак кармаган мендей окурмандар үчүн абдан пайдалуу китеп экендигин баса белгилейм.
Ардактуу Асылкан айым, сиз калеми такшалып калган жазуучу жана Орозайымдын жашоосун ийне-жибине чейин мыкты билген замандашы катары анын бейнесин эң сонун ачып берипсиз, бул ийгилигиңиз менен куттуктайм.
Китебиңиз миңдеген (балким, он миңдеген, — эгер ишти чоң чеберчилик менен уюштурса) окурмандарын табаарына көзүм жетет. Анткени, эскерме публицистикага коюлуучу адабий талаптар жалпысынан аткарылган. Атайылап баса белгилеп өтүүчү дагы бир жетишкендик – күчтүү сүйлөмдөр, ташка тамга баскандай так ой-пикирлер жана канаттуу афоризмдер арбын. Сөзүм куру болбоссун үчүн айрымдарын мисал кылайын.
1
Көрсө, чындык Кудай менен түз саламдашам деген фараондорду деле чочулатып коёт турбайбы? Чындыкты 6 жаштагы бала айтабы, 60 жаштагы кары айтабы, айырмасы эмнеде? Менин жаштыгым мага чоң душман экенин билген эмесмин.
21-б.
2
Узун бойлуу, өзүнө болгон ишеними жогору, билими менен сыймыктанган киши экен.
45-б.
3
– Биз Сооронбай Жээнбековду колдобошубуз керек. Жантай чалга Ак Мөөр белекке тартуулангандай Сооронбай Жээнбековго Атамбаевдин колу менен мамлекет тартуу болуп жатат. “Солкулдап ыйлап баратам, соолуган Соке чал менен деп” ыйлап калбайлы. Колдон келсе биз позициябыздан кайтпай, бийликтен коркпогон-үркпөгөн мекенчил инсандарды колдойлу. Мен Адахан Мадумаровду колдоого алалы деп сунуш кылат элем. Анткени бул миссияга Өмүрбек Бабанов жарабайт…
48-б.
4
Өкүнүү менен, Адахан Кимсанбаевичтин жанында бир ууч, жан дүйнөсү жарды адамдар жүргөнүнө биротоло ынандым, кейидим. Адахан Кимсанбаевичтин чоң бийиктикке жетпей жатканына кайсы бир деңгээлде ошолорду күнөөлөдүм. Ал топ кайсы бир деңгээлде Мадумаровдун чечкиндүү кадамдарга баруусун, элге жакын болуусун каалабагандай туюлду.
53-б.
5
Кыргызстанда мага киреше алып келүүчү жакшы жумушум жок жүргөндүктөн кыйналып калдым. Саясатчылардан акча алуу мен үчүн намыс эле. Ошентип ээрчишип алып апам экөөбүз Москвага кеттик. Кетерде минип жүргөн унаамды, Ош шаарында жер үлүшүм бар эле, ошону сатып, Москвадан жакшы турмуш издеп, бир жарым миллион сомумду түйүп алып бардым. Миллиондогон кыргыз мигрантынын азабы кайра башыма түштү. Ал жылы мен 24 жаштагы кыз элем.
58-б.
6
Чынында саясатчы, жарандык активист, чыныгы мекенчил менин апам болчу. Мен анын жолун гана жолдодум…
63-б.
7
– Белиңди бекем буугунуң, апаң сага данек таштап кетти. Ошол данекти сугарып өстүрүп, бак кылышың керек. Апаң өлкөбүздүн өнүгүшүн көргүсү келчү. Өзү көрбөсө балдары сен, неберелери көрүшү керек. Өзүңдү жектеп, ооруп, кыйнала бербе. Күрөш. Мен сенин жаныңда болом, сага ата болом, колдойм. Керек болсо “Бүтүн Кыргызстанды” сага тапшырып кетчүдөй шакирт өстүрүп чыгуу менин тилегим, – деди.
66-б.
8
Парламентке өттүм деп кубанып дирилдеп кеткен жокмун. Анткени Кудай алдында, эл алдында Жогорку Кеңешке депутат болуп баруу эң чоң жоопкерчилик деп түшүнөр элем. Элдин салыгынан сен айлык аласың, эл сени ошол отурчу креслого алпарат, элге убада берип мандат аласың. Ошондой аманат менен барып элдин үмүтүн актабасаң, эки дүйнө бактысыз болосуң деген бекем ишеним бар эле.
75-б.
9
Байкасаңыз, Садыр Жапаровду колдоп жүрүп дагы, Адахан Мадумаровду колдоп жүрүп дагы мен өзүм ишенип-таянган идеямды бекем кармандым.
Мен Садыр Нуркожоевичти сулуу деп же сөзмөр деп эмес, анын көтөрүп чыккан идеясын колдогом. Ошол чындыгым элге жеткен жок.
79-б.
10
Жүрөгүмдө ушинтип жанып турган отту бийликке бир кадам жетпей тургандар дагы колдонушту. Ушул өрттү бийликтегилерге каршы колдонсок болот деп, өзүмө байкатпай мени курал кылышты, мени жылаңач колум менен от карматышты. Бул мага аябагандай зор турмуштук-саясий тажрыйба болду.
– Мындан ары абайлайсыңбы?
– Тараза ташында эли-жеримдин келечеги, эртеңи, бакубатчылыгы турса, мындан ары деле курал болууга даярмын.
82-б.
11
Адахан Кимсанбаевичтин ар бир сөзү мага мыйзам болчу.
93-б.
12
Бир нече күндүн аралыгында эле мен суктанып, сыйлап жүргөн адамдардын биз коррупционер деп жүргөн үй-бүлө мүчөлөрү менен кучакташып учурашканын, эл деген ураан көчөдө эле болорун байкадым.
94-б.
13
Мен расмий трибунадан сүйлөйм деп менменсинбей эле соцтармактар аркылуу шайлоочулар менен байланышуумду улантып жаттым.
95-б.
14
Жаман айтпай, жакшы жок дейт кыргызда. Мандатты алып коюшкандын деле керектүү жагы болду. Таза ниет менен жанды карч уруп күрөшүп жүрүп, парламентке келген соң көшөгө артында эмне иштер болорун, адамдардын чыныгы жүздөрү кандай экенин көрдүм. Элдин тагдырын чечүүчү бул жерге жалгыз өзүң эмес, команда менен, таза адамдар менен келиш керек экенин түшүнүп кеттим.
99-б.
15
Мага коюлган жалган жалаа күйгүзгөн жок, атамдын зарыгып уктабай күтүп отурганына катуу күйдүм.
109-б.
16
Тилекке каршы, чындыкты айтуу да кылмыш экен. Болгондо да чындыкты айтуу эл аралык издөөгө бере тургандай “кылмыш” экен…
111-б.
17
Мен уурулук кылдымбы? Баш кестимби? Элди алдап депутат болдумбу? Бирөөнүн күйөөсүн тартып алдымбы? Коррупция кылдымбы? Мен мамлекеттин эсебинен багылбаган, өз жанын багып жүргөн миллион мигранттын бири элем го? Эмне мынча талоонго алып, ырас болот деп кол чаап табалашты? Француздар элимдин эркиндиги деп күйгөн баатыр кызын өрткө салып берип отуруп калган. Мени да тирүүлөй өрттөп жиберүү кимге керек болду? Адал эмгек менен багылган карапайым үй-бүлөнүн кызы элем го? Чыксам элим деп, жерим деп чыктым эле го?! Элдин турмушу оңолсун, мигранттардын шарты оңолсун, мекенге кайтканга, татыктуу жашоого шарты болсун деп жан күйдүрдүм эле го? Ушул күнгө чейин эч бир жооп таппадым ушул суроого. Ал суроолорума жооп берчү да адам жок.
118-б
18
“Жаратканым, эгер мен чын эле ушул каралоолордо айтылып жаткандай туура эмес, ниети бузук адам болсом, мени бул жерден тирүү чыгарба. Жаштайымдан эле жок кылып сал” деп сурандым.
«Элимдин келечегине кимдин ниети бузук болсо, мага карата ниети жаман болсо, менин ушундай күнгө туш болгонума салымы болгон адам болсо, ал да ушул жерге келсин, ал дагы ушул күндү көрсүн” деп сурандым.
131-б.
19
Болгону бир нерсени сезем – менде бир улуу миссия бар. Тандаганым бир гана жол – эли-жериме кызмат кылуу. Болгону бир нерседен чочулайм, ал миссияны көздөй жолумда менде тажрыйба менен билим жетишпей калсачы деп… Мага жол көрсөтчү илим-билимдүү жандоочу, саяпкер болсо деп эңсейм. Буга чейинки окуялардай болуп өз кызыкчылыгына пайдаланып кетишпесе деп эңсейм. Мен өзүмдү азыр бүлөнүп, тапталып, кайралып, табына келип турган бычакка окшотом. Ошол бычактын сабы кимдердин колуна тиет? Туура иштерге колдонулабы? Ал бычак адилетсиз шилтенбесе экен деп түйшөлөм. Мен жөн жүргөн жокмун, улуу миссияга өзүмдү таптап жаткан адаммын. Ошондуктан жолумдан ар кайсы учурда кездешкен эч бир адамга таарынбайм, түшүнөм, кабыл алам, сабак алам.
138-б.
20
Бул дүйнөгө жылаңач келип, жылаңач бойдон кетебиз, андыктан тапканыбыздын баары эл үчүн, Кудайдын бизге карата берген жолу, миссиясы үчүн деп билем.
21
– Анткени мен эч нерседен тайсалдап качпай, эч бир жеке кызыкчылык деген түшүнүккө жетеленбей, кайсы жакка шилтесе чаап түшчү кылыч абалында болчумун. Андай шакирт баарына керек.
139-б.
—
Бутага түз тийген октой болуп өтө таамай айтылган пикирлердин жыйырма бирин гана бу макалага берүү менен чектелейин. Чындыгында алар андан эки-үч эсе көп. Ар бир беттен кандайдыр бир канаттуу фразаны кезиктирүүгө болот. Мен кайталап айтайын, ийгиликтүү жана күчтүү сүйлөмдүрдүн молдугу – Орозайым жөнүндөгү эскерме эмгектин эң чоң жетишкендиги.
Асылкан айым жаңы китебинде көтөргөн идея да эң мыкты. Ал – элдин – журттун тагдырына жоопкерчиликтүү мамиле кылуу идеясы. Ал – колдон келген нерселерди аткара берүү жана колдон келбегендерди дагы аткарууга умтулуу, тагыраак айтканда, эрдик кылууга умтулуу идеясы. Ал – качандыр бир кездерде байлыгым өтө көбөйүп, акчам өз муктаждыктарымдан ашып-ташып баштаганда гана мекендештериме кол кабыш кылмакчымын, соопчулуктарды жасамакчымын, же болбосо, мансабым көтөрүлүп жүрүп отуруп олчойгон чоң кызматтарга жеткенде гана мамлекеттин көйгөйлөрү чечилип, кең келечеги камсыздалышы үчүн шымаланып-түрүнүп алып киришмекчимин, ага чейин күтө турайын, алаксыбайын деген сыяктуу адашкан бүтүмдөрдөн оолак болуп, ар дайым аракеттене берүү идеясы.
Эгер кимдир бирөө кыска ойлуулукка алдырып: “Орозайым жөнүндөгү китептин жазылышынын эмне зарылчылыгы бар эле? Эч ким мажбурлабай, өз каалоосу жана чечими менен эле саясатта жүргөнүнө он жыл болсо, эмне экен? Ким гана саясатка келбейт. Ким гана саясаттан кайра кетпейт?” – деген сыяктуу провокациялык суроону кабыргасынан коё турган болсо, ал замандашыма мен сабырдуу түрдө мындайча жооп узатмакмын:
“Биринчиден, китеп жазуу демилгеси Нарматовага эмес, Төлөнбаевага таандык экен, башкы каарман каршы болгонуна карабай өзү көргөн, билген жана Орозайым айтып берген маалыматтарга таянуу аркылуу татынакай эмгекти күжүрмөндүк менен жаратыптыр.
Экинчиден, Орозайымдын саясатта өткөн он жылынын сапаты кайсы бир коомдук ишмердин 20 балким 30 жылына тең келиши ыктымал окшойт.
Үчүнчүдөн, “Марага жеткирет деп сүрөгөнгө ишенбе, максатыңа жеткирет деп бирөөгө ишенбе” деген акылман макалдагы теңдешсиз терең маанини туура түшүнүү жана толук өздөштүрүү үчүн Орозайым ашык-кеми жок он жылын арнаптыр. Негизи, бул ачуу чындыкты ар ким ар кандай мезгилде түшүнүүгө даяр болуп жетилет. Кимдир бирөө он айда эле өздөштүрсө, дагы башка бирөө өмүрүнүн эң соңку мүнөттөрүнө араң бир нерселерди боолголоп баштайт. Айрым алабармандар эч нерсени түшүнө албаган бойдон бу жашоодон өтүп кете бериши да мүмкүн.
Төртүнчүдөн, он деген сан өзү сырдуу сан. Он саны менен олуттуу мамиле кылгандар ой-максаттарына дайыма жете алышкан. Мисалы, Аалы Токомбаев өзүнүн чыгармачылыгынын он жылдыгын белгилеген жана андан кийин талыкпай эмгектене берип кыргыз совет адабиятын негиздөөчүлөрдүн бири катары тарыхта калды. “Шоро” ишканасы уюшулгандыгынын он жылдыгын жогорку деңгээлде өткөргөн эле, ал мекеменин келечеги кеңейгенден кеңейип баратат. Садыр Жапаров “Саясаттагы он жыл” деген эмгегин жазган соң мыйзамсыздык жана паракорлук менен тайманбай күрөшүп чыккандыгы үчүн калктын көпчүлүк бөлүгүнүн колдоосуна ээ болуп, абактагы жашоосун Ак үйдөгү ишмердүүлүк менен алмаштырды. Ал эми Орозайым болсо оппозиционерлерди ээрчип жүргөн он жылдык гүлгүн курагында топтолгон азыноолак ачуу-таттуу тажрыйбалары жана айрым бир саясатчылар жөнүндө жеке өзү угуп, көрүп, ынанып, так билген кызыктуу маалыматтары менен чын дилден бөлүшүп койууну гана көздөптүр, жана ошондой эле, мындан ары ишмердүүлүгүн ийгиликтүү улантуу үчүн өзүнө аба менен суудай зарыл нерсени:
Мага жол көрсөтчү илим-билимдүү жандоочу, саяпкер болсо деп эңсейм. Буга чейинки окуялардай болуп өз кызыкчылыгына пайдаланып кетишпесе деп эңсейм. Мен өзүмдү азыр бүлөнүп, тапталып, кайралып, табына келип турган бычакка окшотом. Ошол бычактын сабы кимдердин колуна тиет? Туура иштерге колдонулабы? Ал бычак адилетсиз шилтенбесе экен деп түйшөлөм. Мен жөн жүргөн жокмун, улуу миссияга өзүмдү таптап жаткан адаммын…
деп жандүйнөсүнүн тээ түпкүрүндөгү купуя сырын тартынбай ачык айтууга да батыныптыр.
Мен санап өткөн төрт себеп эле жаңы эмгектин жаралышы үчүн жетиштүү болсо керек деп эсептейм».
“От кармаган Орозайым” мага башынан аягына чейин абдан жакты, (ошон үчүн ушул колдоо макаламды жазып отурбаймынбы), а бирок жогоруда кайталап мисал кылынган абзацтагы сүйлөмдөрдө көтөрүлгөн идея көңүлүмө өзгөчө жагып, купулума жыкжыйма толду. Анткени, эгемендүүлүккө ээ болгонубуздан бери жамгырдан кийин жамырап өскөн козу карындай жайнаган саясатчылардын көпчүлүгү “мага саяпкер керек” деп айтууга эрки жана акылы жетпей, “мен баарын билем, мен баарын түшүнөм, мен баарын жасайм” дегендей көз карашты карманышып, өздөрүн өздөрү адаштырганы аз келгенсип, аларга ишенип алып артынан ээрчигендерди да кошо адаштырышпадыбы. Ошон үчүн коомубуз бүгүнкүдөй опуртал абалга келип такалбадыбы.
“Кымызды ичкенге бер, сууну сиңген жерге куй, сөздү укканга айт, кеңешти сураганга бер” – деген акылман макалды эске алып, өзүнө саяпкер жана устат издеген жаш саясатчыгав айрым бир сунуштарымды айтайын.
Адамзаттын карт тарыхында үлгү аларлык мисалдар абдан эле көп.
Стратегиялык да, тактикалык да мерчемдөө иштерин өтө тажрыйбалуу кеңешчилеринин көрсөтмөсү менен эң туура жүргүзүүнү, кичине, орто жана чоң согуштардын баарында жеңишке жетишкен Чыңгызхандын өмүр баянынан үйрөнсө болот. Туңгуюкка камалып калган учурларда деле жолду таап кетүүнү жана Англия империясынын баскынчы өкүлдөрүнө да аяр мамиле кылып, алар ачкөздүктүн курмандыктары экендигин да туура түшүнүп, тынч жол менен күрөшүүнү 32 жыл бою (1915-1947-ж.) жүргүзгөн соң бир ок чыгарбай туруп, бир ооз жаман сөз да айтпай туруп өз элин эгемендикке жеткирген Махатма Гандиден теңдешсиз сабырдуулукту өздөштүрсө болот. Коммунизм заманын бүт дүйнө жүзүнө келечекте орнотуп, бейиштегидей жыргал жашоого жалпы адамзатты жеткирүү үчүн адегенде СССРде социализмди куруп чыгыш керек деген зор идеяга берилип кызмат кылууну, ал үчүн адегенде өзүнөн, анан жакындарынан андан кийин баарынан өтө катуу талап койо билүүнү, темирдей тартипти орнотууну Сталиндин эрктүүлүгүнөн алса болот. “Англиянын түбөлүк достору да, түбөлүк кастары да жок. Англиянын түбөлүк кызыкчылыктары гана бар” деген алтын эрежени ар дайым туу тутуп, өз өлкөсүн эң кыйчалыш учурлардан аман-эсен алып өткөн Черчиллден табышкерликти ийкемдүүлүктү жана шумдуктуудай чеберчиликти өздөштүрүп алса болот. “Бир өлкөгө бир эле президент жетет” деген топуктуулукту Масалиевден, шоопурун башкы кеңешчи кылып албаш керектигин Атамбаевден, кырдаал талап кылган учурда бийликти тынч жол менен өткөрүп бере билүүнү Жээнбековдон, отуз жылдан бери топтолуп калган көйгөйлөрдүн баарын чогуусу менен чечүүгө аракеттенген чечкиндүүлүктү Жапаров менен Ташиевден үйрөнсө болот. Айтор, чоң саясаттын чокусуна чыккан ар бир лидерден кайсы бир үлгүлөрдү үйрөнүү же үйрөнбөй коюу аркылуу оң же терс сабак алса болот. Ал үчүн бар болгону көп, өтө кө-өп окуш керек. Андан да маанилүүсү, ал окугандарды өздөштүрүп, сиңирип, кынтыксыздыкты көздөй умтулуш керек.
Эмесе, чакан макаламдын соңунда кыраакы калемгер Асылкан айымга адабий ишмердүүлүгүн жигердүүлүк менен улантып, жакшы эмгектерди дагы деле жарата берүүсүн, чынчыл, аракетчил жана абдан намыскөй жаш саясатчы Орозайымга болсо, мындан ары турмуштун өзүн устат да, саяпкер да катары кабылдап, өзү менен өзү күрөшүп, өзүн өзү жеңе билүүнү өздөштүрүшүнө да тилектештигимди билдирем. Жалпы замандаштарыма өтө терең билимдүүлүктү, бакубат жашоону жана эң узак өмүрдү каалайм.