«90 секундда чыгып кеткиле». ӨКМ унаадан өрт чыкса эмне кылуу керектигин түшүндүрдү

Унааңызда өрт чыкса, 90 секунд ичинде чыгып кеткенге үлгүрүңүз. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Унаа 4-6 мүнөттө эле толугу менен күйүп кетерин эсиңизге түйүңүз. Ошондуктан өрт чыккан учурда, унааны дароо таштап чыкканга шашылыңыз. Күйүп жаткан унаадан 10-15 метр аралыкка чейин кетүү зарыл.

Эң натыйжалуу өрт өчүргүч бул – порошок түрүндөгүсү болуп саналат. Аталган өрт өчүргүчтүн курамы түрдүү күйүүчү заттарды өчүрүүгө ылайыкталган. Айрыкча, чыңалуу абалында турган электр каражаттарын өчүрүүдө натыйжалуу;

Өрт өчүргүч каражатын атайы адистештирилген дөкөндөн сатып алыңыз. Алып жаткан учурда жарактуу мөөнөтүнө көңүл буруңуз;

Өрт өчүргүчтү эң туурасы унаанын арткы тулкусуна (багажник) эмес, киши отура турчу жерине (салон) жайгаштырыңыз. Бул кооптуу абал жаралган учурда, тез арада чара көргөнгө ыңгайлуу жана жеңил.

Унаа башкарып бараткан учурда өрт чыкса, 90 секунд ичинде ичинен чыгып кеткенге аракет кылыңыз. Бул аралыкта эң башкысы өзүңүздү дүрбөлөңгө алдырбастан, унааны элдерден жана имараттардан алыс ачык жайга токтотуп, керектүү документтериңизди алып чыгып кеткенге аракет кылыңыз;

Айдап бара жатканда өрт коркунучу жаралса, унаанын ылдамдыгын эч качан жогорулатпаңыз. Бул ого бетер өрттүн бат тутанып кетишине алып келет. Эгер унаанын май куйуучу жери күйүп жатканын билсеңиз, дароо алыс качыңыз.