Ачкарын жегенге болбой турган азыктар кайсылар? Адистерден жооп

Таң эрте ачкарын кайсы азыктарды жегенге болбойт? Tengri Life басылмасы адистерге таянып, ачкарын жебеш керек болгон 4 азыкты сунуштады. Алар: чийки жашылчалар, йогурт, банан жана апельсин ширеси.

Бир күн бою энергиялуу жүрүү үчүн ар бир адам таң эрте туура тамактануусу зарыл. Таңкы тамактануунун курамында майлар, белоктор, углеводдор, ошондой эле клетчаткалар сөзсүз болууга тийиш. Ошондо гана таңкы тамак ден-соолукка пайдалуу деп эсептелинет. Бирок пайдалуу деген айрым азыктарды ачкарын жегенге болбойт. Анткени алар адамды шал оорусуна алып келиши мүмкүн.

Чийки жашылчалар — куурулган же кайнатылган жашылчаларга караганда пайдалуу, бирок аны ачкарын колдонуу сунушталбайт. Жашылчалардын курамында витаминдер, минералдар жана клетчаткалар көп. Алар ашказандын сиңирүүсүн кыйындатат.

Йогурт — албетте бул чыныгы эртең мененки тамак. Бирок анын эмнеси жаман болушу мүмкүн? Себеби йогурттун курамында көптөгөн пайдалуу сүт кислотасы, бактериялар бар. Булардын ашказанга сиңүү процеси начар жүрөт. Эгер йогурт иче турган болсоңуз, анда алдын ала бир-эки аш кашык жаңгак же бир кашык сулу унун жесеңиз болот.

Банан — бул жемиште В6 витамини бар. Банан жүрөктүн иштешин жакшыртып, организмдеги ашыкча тузду кетирет. Организмге керектүү азыктарды берет, бирок аны ачкарын колдонуу сунушталбайт. Банан глюкозасы бар башка азыктардай кандагы канттын деңгээлин жогорулатат.

Апельсин ширеси — витаминге бай шире, ал тургай мөмөнүн өзү дагы пайдалуу заттардын булагы болуп эсептелинет. Бирок ачкарынга ичүү сунушталбайт. Анткени цитрус жемиштериндеги кислота зарнага алып келиши мүмкүн.