«Бала ойноп-күлүп эле жүргөн болот». Чочко тумоосунун белгилери кандай?

Орусиядагы «Чайка» клиникасынын педиатры Владимир Ягодкин бул кыш мезгилинде жүрүп жаткан сасык тумоо тууралуу бир катар суроолорго жооп берди.

«Бул кыш мезгилинде негизинен сасык тумоонун А тибине (чочко тумоо) кирген ооруга чалдыгып жатышат. Балдардын дене табы 40 градуска чейин көтөрүлүп, ошол эле учурда аны түшүрүү оор болууда. Үч күндөн беш күнгө чейин калтыратма менен коштолуп жатат. Дарыгерлер баланы карап эле тумоону ажыратышууда. Дене табы өтө жогору, адатта 38 градустан түшпөйт, бейтаптын тамагы кызарбайт, бирок мурду бүтүп калган болот, жөтөлү бар, үнү кырылдап чыгат. Кароо учурунда балдар тийиштүү реакция кылат, сүйлөшөт, жооп кылат», — деди дарыгер.