Балаңыздын кол жазмасы начарбы? Аны жакшыртуу үчүн лайфхак

Кол жазма баланын окуусуна терс таасирин тийгизүүчү факторлордун бири. Ата-энелер балдарынын кол жазмасын жакшырта албай бир топ убара тартышат. Балаңыздын кол жамасы начар болуп жатса эмне кылыш керек? Tengri Life басылмасы лайфхактар менен бөлүштү.

Балаңыз кандай абалда отурат?

Окуучунун сабак жазуу учурунда отурган абалы анын кол жазмасына таасир берет. Ата-энелер окуучунун отуруу абалына көңүл буруулары керек. Сабак жазуу учурунда баланын түз абалда отурушу чоң мааниге ээ. Кыйшайып, бүкүрөйүп, жатып алып жазуу кол жазманын начарлашына себеп болот.

Көпчүлүк ата-энелер баланын белгилүү бир убакта сабак аткаруусун талап кылышат. Бул учурда бала мүмкүн болушунча үй тапшырмаларын бүтүрүү үчүн шашышат. Мындай абалда балдардын мээсинде тапшырмаларды бат аткаруу максаты гана каралып, кол тамагасына жана сабакты кабыл алуусуна терс таасир жаратат. Ошондуктан үй тапшырма аткарып жаткан убакта шаштыруунун кереги жок. Бул учурда ата-эне баласы менен бирге сабак окуп, кол жазманы жакшыртууга көмөк көрсөтүш керек.

Чекиттер боюнча чийүү

Жөнөкөй көнүгүүлөрдү аткаруу. Атайын чекиттер менен сызылган чиймелердин үстүнөн бастырып сызуу баланын кол жазмасын жакшыртат. Бул учурда баланын оюу бир жерге топтолуп чийинден чыкпай чийүүгө машыгат. Мындай көнүгүү баланын идеалдуу кол жазмасын жаратат. Сулуу жазуу үчүн кол жазманы 25 жашка чейин оңдоого болот.