Балдар психологу: «Сексуалдык тарбия — баланын өз денесин таанууга үйрөтүү»

Учурда коомдун чоң көйгөйүнө айланган педофилия темасы, балдарга сексуалдык тарбия берүү тууралуу суроолорго “TV Шыпаакана” берүүсүндө конок болгон балдар психологу Наргиз Субаналиева жооп берди.

«Балага сексуалдык тарбия берүү десе эле бизде туура эмес түшүнүшөт. Аны үйдө балдар менен колдонбогон уяттуу сөз деп билишет. Сексуалдык тарбия деген бул секс эмес. Ал баланын өз денесин таанууга үйрөтүү. Баланы кичине кезинен баштап ар бир органды өз атынан айтып, бул сенин денең, денеңде мындай мүчөлөр бар, чоңойгон сайын дене мүчөлөрүңдө өзгөрүүлөр болот деп түшүндүрө башташ керек», — дейт психолог.