Балдар психологу: «Сексуалдык тарбия жоктугунан балдар ыдык көрсө да эч кимге айта алышпайт»

Учурда коомдун чоң көйгөйүнө айланган педофилия темасы, балдарга сексуалдык тарбия берүү тууралуу суроолорго “TV Шыпаакана” берүүсүндө балдар психологу Наргиз Субаналиева жооп берди.

«Бизде илгертен эле сексуалдык тема козголбойт. Элементардуу эле, сексуалдык темада кино болуп калса, «уят болот, эшикке чык» деп чыгарып салабыз. Бала кезден алардын мээсине «уят, туура эмес иш» деп сиңирип койгонбуз. Ошон үчүн балдар ыдыкка кабылса, «айтсам уят болом» дешет. Же өзүн күнөөлүү сезип башташат. «Балким, өзүм туура эмес жакка баргам. Ачык кийинип алгам (бул көбүнчө кызга кырк үйдөн тыюу деген чектөөлөрдөн улам келип чыгат), уят нерсени ата-энеме кантип айтам» деп коркуп жүрө берет. Бул баланы бара-бара психологиялык травмага алып келет. Бирөө менен мамиле кылганда дагы кийин кедергисин тийгизет. Ошон үчүн бала кезден эле аларга жакпаган сезимдер болсо, бизге кайрылышың керек деп ата-эне ишенимине кириш керек», — дейт психолог.