Баш ооруга эмне жардам берет? Диетологдун сунушу

Диетолог Людмила Денисенко баш ооруну эмне жеңилдете турганын айтты. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазышты.

Дарыгердин айтымында, баш ооруну басаңдата турган эң жөнөкөй каражат — бул газы жок таза суу. Андан тышкары, сууга бышырылган картошка, ашкабак данеги, бадам, майлуу балык да жардам берет. Анын ар биринде баш ооруну жеңилдете турган керектүү витаминдер бар. Имбирь чайы да башы дамамат ооругандарга жардам берерин адис айтат. Ал эми баш ооруну курамында тирамин бар азыктар жаратат. Ал сүрсүтүлгөн этте, кызыл шарапта, консерваларда, шоколадда, бананда кездешет.