Батир уурулугунан кантип сактануу керек? ИИМден кеңеш

Батир уурулугу жылуу мезгилде, эмгек өргүүгө чыкканда жана үйдү кароосуз калтырган учурда күч алат. Уурулардын бардыгы бирдей ыкмаларды колдонушат: кулпуларды бузуу, ачкычтарды жасоо, алдыңкы эшикти бузуп кирүү, пластик терезелерди ачуу. Ички иштер министрлиги нускама түрүндөгү пайдалуу кеңештерди иштеп чыкты.

Батириңизден ууру тапсаңыз:
— ичкери кирбеңиз, эшикти ачпастан кайра ачкыч менен тез жабууга аракет кылыңыз;
— милицияны чакырууга кошуналардан жардам сураңыз;
— батирден чыгуу жолдорун тосуңуз, өзүңүздү жана кошунаңызды коркунучка дуушар кылбай, кырдаалга жараша иш-аракет кылыңыз.