Чыгыш медицинасы боюнча адис: «Бел оорубасын десеңиз, катуу төшөк, катуу жаздыкта жатуу керек»

Бел оорубасын десеңиз, катуу төшөк, катуу жаздыкта жатуу керек. Бул тууралуу Чыгыш медицинасы боюнча адис Медер Бишкек «TV-Шыпаакана» берүүсүндө маек берип жатып билдирди.

«Эгер жумшак төшөктө жатса, омурткалар кыйшыйып кетиши мүмкүн. Биздин өмүрүбүздүн 3төн 1 бөлүгү уйку менен өтөт. Күндүз омурткабызды түз кармап жүрүшүбүз мүмкүн, бирок 8-9 саат уктаган учурда астыбызга салынган төшөктөр жумшак болуп, омуртка ийилип кетиши мүмкүн. Анан экинчси катуу жаздык. Жаздыктын да көп түрү бар. Мисалы, япондордун, корейлердин жаздыктары тоголок. Алардын жаздыгына жаткандар ийин жаздыкка тийбейт. Балдарды да кичинесинен жаздыкка туура жатканды үйрөтүү керек», — деди ал.