Чыгыш медицинасы боюнча адис: «Көп отуруу бел ооруга алып келет. Ар жарым саатта кыймылдап туруу керек»

Көп отурган ден соолукка зыян. Бул тууралуу Чыгыш медицинасы боюнча адис Медер Бишкек «TV-Шыпаакана» долбоорунда маек берип жатып билдирди.

«Стресс болгондо да мээ абдан чымырканат. Бел ооруда дагы психологиялык абал абдан маанилүү. Мисалы, кыжаалат болгондо психологиялык жүк бел омурткага берет», — деди ал.

Ал ошондой эле организмге туздун топтолушу кыймылсыздыктан келип чыгарын айтты. «Айрым окумуштуулар организмге туздун таптакыр кереги жок деп айтат, ал эми айрымдары туз пайдалуу дешет. Көп отурган адамдарда бел омурткадан баштап, моюнга чейин муундардын баары каптап, ошол жерде деформациялар пайда болот. Көп отуруу бел ооруга алып келет. Ар жарым саатта кыймылдап туруу керек», — деди ал.