Чымын — оорунун жайылышына салым кошот. Курч ичеги-карын инфекциялары тууралуу билип алыңыз

Жайкы-күз мезгилинде жашылча-жемиштерди керектөөнүн көбөйүшүнө байланыштуу курч ичеги-карын инфекцияларынын оорусу күчөйт. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен маалымдашты.

Негизги симптомдору: ичтин оорушу, кусуу, тез-тез ысытма менен коштолгон бош заңы. Көбүнчө эрте курактагы балдар (3 жашка чейин) оорушат. Ичеги инфекциялары — ооз аркылуу жугуучу, козгогучтары (негизинен бактериялар, вирустар) ичеги карында көбөйүп, бөлүнүп чыккан заттар менен сырткы чөйрөгө таралуучу жугуштуу дарттар. Аларга мисалы, дизентерия, ич келте, паратиф, сальмонеллез, холера, гастроэнтерит, тамак-аштан уулануу, вирустук гепатит А, вирустук диарея кирет.

Ичеги жугуштуу оорулары “кир колдун оорулары” деп аталат, бул алардын гигиеналык эрежелердин сакталбашы менен тыгыз байланышын баса белгилейт. Курч ичеги инфекцияларына көбүрөөк балдар дуушар болушат. Балдардын ичеги-карын инфекциясына кабылуусу чоңдорго караганда 2,5-3 эсе жогору. Ичеги-карын инфекцияларынын таралышында жарандар, өзгөчө балдарды багуу учурунда жана тамак даярдоо процессинде негизги жеке гигиенанын эрежелерин сактабагандыгы башкы ролду ойнойт.

Ысыкта суюктукту көбүрөөк ичебиз, демек зыяндуу микробдорду өлтүрүүчү ашказан ширеси суюлтулган.
Мындан тышкары жайкысын кайнабаган сууну көп ичебиз.

Чымын — бул инфекциялардын жайылышына салым кошот.

Дарыгерге кайрылуу керек болгон негизги клиникалык көрүнүштөр:
жалпы летаргия, алсыздык, табиттин начардыгы. Бир аздан кийин кусуу, диарея, ичтин оорушу, жогорку температура, чыйрыгуусу пайда болушу мүмкүн.