Дароо ойгонбой, ойготкучтун убактысын улам жылдыруунун кандай зыяны бар?

Окумуштуулардын айтымында, сиз дароо ойгонбой ойготкучту дагы 10 мүнөттөн жылдырууну чечкен сайын уйкуңузду гана эмес, күндөгү пландарыңызды да бузуп, ден соолугуңузга да олуттуу зыян келтиресиз.

Ойготкуч кагылгандан кийин төшөктөн шарт туруп кеткен эрк аз эле адамдарда болот. Кимдир бирөө атайын бир эле учурда бир нече жолу сигналдарды коёт, кимдир бирөө кайталоо баскычын тынымсыз басат, анткени дагы 10-15 мүнөт уктасаңыз, өзүңүздү бир аз жакшы сезгендей болуп каласыз. Бул чындыкпы? 

Чынында, окумуштуулар аныкташкандай, зыянсыз көрүнгөн адат жүрөк-кан тамыр системасынын жана кант диабетинин ооруларына дуушар болуу ыктымалдыгын жогорулатат. Мындай тыянакты АКШнын Нотр-Дам университетинин окумуштуулары чыгарышкан. Эксперттер 450 адам катышкан изилдөө жүргүзүшкөн. Бир эле учурда бир нече ойготкучту коюу же көпчүлүктүн сүймөнчүлүгүнө ээ болгон тындыруу функциясы ден соолукка зыян экени белгилүү болду. Биринчи сигналды четке какканды жакшы көргөндөрдүн жүрөгүнүн кагышы ойгонгондон кийин шарт туруп кеткендердикине салыштырмалуу жогору болгон.

Изилдөөнүн лидери Стивен Мэттингли мунун себебин түшүндүрдү. Чындыгында ойготкучтун убактысын жылдырган соң, убакыттын ортосундагы уйку тынчсыздануу сезими менен коштолот, анткени сиз уктап калуудан коркосуз да, тынч уктай албайсыз. Натыйжада, мындай адат өлүмгө алып келе турган ооруларга алып келет.