Дарыгер: «Ашыкча салмактан арылбаса, кант диабети, жүрөк-кан тамыр ооруларына чалдыгып, кан басымы жогору болот»

Ашыкча салмактан арылбаса, кант диабети, жүрөк-кан тамыр ооруларына чалдыгып, кан басымы жогору болот. Бул тууралуу эндокринолог Дилбар Саттарова билдирди.

Анын айтымында, семиздүүлүктүн 3 деңгээли бар. «Эгер киши өзүндө ашыкча салмак бар же жогун билгиси келсе, өзүнүн боюнун узундугун, учурдагы салмагын билиши керек. Ал формула интернетте кеңири тараган, ошол формулага салып билсе болот», — деди ал.

Дарыгер эгер адамда ашыкча салмак болсо, анын кыймыл-аракеттери жайлап, уйкусурап каларын айтат. «Муундарга да оорчулук жаралат. Эгер ал адамда тукум куугучтук болуп калса, кант диабети пайда болушу мүмкүн. Жүрөк-кан тамыр системасынын бузулушуна алып келет. Кан басымы жогору болушу мүмкүн», — деди ал.