Пандемия учурунда кант диабетине кабылгандар көбөйдү. Бул тууралуу эндокринолог Дилбар Саттарова билдирди.
«Көпчүлүк эл пандемия учурунда жумушка чыкпай, онлайн окуу, онлайн жумуш болуп калды. Бул да ашыкча салмактуулукка алып келди», — дейт ал.
Анын айтымында, адам стресске туш болгондо тамак менен өзүн алдайт. Ал эми химиялык заттар кошулган тамактар, суусундуктар адамдын табитин ачат. «Бирок бул организмге терс таасирин тийгизет», — деди ал.
«Адам көп тамак жесе семирет. Бул нормалдуу көрүнүш. Тамак-аш өзү энергия. Ашыкча тамакты организм сиңире албай, запас кылууга өтөт. Аз эле жейм, бирок семирип жатам дегендер дагы да аз жеши керек», — деди ал.