Дарыгер: «Аз эле жейм, бирок семирип жатам дегендер дагы да аз жеши керек»

Пандемия учурунда кант диабетине кабылгандар көбөйдү. Бул тууралуу эндокринолог Дилбар Саттарова билдирди.

«Көпчүлүк эл пандемия учурунда жумушка чыкпай, онлайн окуу, онлайн жумуш болуп калды. Бул да ашыкча салмактуулукка алып келди», — дейт ал.

Анын айтымында, адам стресске туш болгондо тамак менен өзүн алдайт. Ал эми химиялык заттар кошулган тамактар, суусундуктар адамдын табитин ачат. «Бирок бул организмге терс таасирин тийгизет», — деди ал.

«Адам көп тамак жесе семирет. Бул нормалдуу көрүнүш. Тамак-аш өзү энергия. Ашыкча тамакты организм сиңире албай, запас кылууга өтөт. Аз эле жейм, бирок семирип жатам дегендер дагы да аз жеши керек», — деди ал.