Дарыгер: «Балдардын дене табын түшүрүү үчүн спирт же арак менен сүртүүгө болбойт»

Дене тапты түшүрүү үчүн балдардын денесине спирт же арак сүртүүгө болбойт. Бул тууралуу радионун эфиринде №19 ҮМБдин башкы дарыгери Нургүл Сарыгулова билдирди.

Анын айтымында, спирт же арак организмге тери аркылуу кирип, бөйрөккө терс таасирин тийгизет. «Ошондой эле суук өтүп, бала ооруп калышы мүмкүн. Ушул себептен, бөлмө температурасындагы суу менен сүртүү жакшы. Балдарды уксус менен сүртүүгө да болбойт. Булардын эч бири сунушталбайт”, — деди ал. Сарыгулова ооруп калган учурда суюктукту көбүрөөк ичип, симптоматикалык дарылануу керектигин белгиледи.