Дарыгер коронавирустун алдын-алуу үчүн кайсы витаминдер керек экенин айтты

Терапевт Эрмек Исмаилов SUPER TV`га берген маегинде коронавирустун алдын-алуу үчүн кайсы витаминдер керек экенин айтты.

“АКШнын, Европанын окумуштууларынын маалыматтары боюнча организмде D витамининин жетишсиздиги болсо коронавирус илдетин оор өткөрүшү мүмкүн. Ошондуктан, үй-бүлөлүк дарыгер менен кеңешип, D витаминин ичүү сунушталат. Баарыбыз билгендей, аталган витаминди табигый түрдө күндөн алса болот. Күнөстүү жерде жашаганыбызга карабай, күн сайын күндүн алдында кеминде жарым саат сейилдөө сунушталат.

Адамга эң керектүү витамин бул – С витамини. Ал кан тамырлардын стенкаларын жакшыртат. Аталган витаминди мөмө-жемиштерден алса болот жана дарыканадан сатып алып ичсе болот”, — дейт дарыгер.

Толугу менен шилтеме аркылуу көрө аласыз:

“Covid-19” илдетинин экинчи толкуну башталдыбы? Сактануу жолдору, дарыгерден кеңеш