Сууну кантип туура ичүү керек? Дарыгер айтып берди

Көп адамдар сууну бир жакка баратканда, чуркоодо, сейилдөөдө ичкенди жактырышат. Бул чоң жаңылыштык. Мындай пикирди дарыгер Ирина Юзуп билдирди. Анын айтымында, суу чындап пайдалуу болушу үчүн аны отуруп ичүү керек. Бул тууралуу Secretmag басылмасы жазды.

Суюктук жетишсиз болсо, денебиз жабыркайт. Тамак сиңирүү системасынын иши бузулушу мүмкүн, бөйрөк, боор жана башка органдар жабыркайт. Муну сиз өзүңүз да сезесиз, анткени сиздин ичиңиз көөп, ашыкча салмак менен көйгөйлөр пайда болот.

Ошол эле учурда дарыгерлер канча ичкениңиз гана эмес, аны кантип ичкениңиз да маанилүү экенин айтышат. Сууну тик туруп ичсеңиз, организмге зыяны тийет. «Сууну тамак сыяктуу эле отурган абалда ичүү керек. Турган абалда суу ичүү организмдеги суюктуктун балансын бузуп, муундарда суюктуктун топтолушуна жана артрит оорусунун өнүгүшүнө алып келет. Отурган абалда нерв системасы жана булчуңдар бошоп калат, бул суу менен тамак-аштын ассимиляция процессин жеңилдетет.Мындан тышкары, бул абалда бөйрөктөр кирген суюктукту жакшыраак фильтрлейт», — деди дарыгер.

Бирок сууну тик туруп ичсе эмне болот? Чындыгында сууну туруп ичкенде тамак сиңирүү трактынын иши басаңдайт. Суюктук ашказанда көпкө турбай, түз он эки эли ичегиге кирээрин түшүндүрдү. Андыктан отуруп ичүү адаты тамак сиңирүү, бөйрөк жана табарсыктын иштешин жакшыртат.