Дерматолог: «Безеткинин башаты — генетика, ал тукум кууйт»

«TV Шыпаакана» берүүсүндө конок болгон венеролог-дерматолог Кундузбек Тургунбеков суроолорго жооп берип жатып, безеткинин келип чыгышына токтолду.

Безеткинин башаты генетикада. Ал тукум кууйт. Эгер атасына безетки чыккан болсо, баласына же небересине чыгышы мүмкүн. Өспүрүм курактагы балдар-кыздардын бетине безетки чыгуусу бул гормондордун өзгөрүүсүнө байланыштуу. Эгер ата-тегинде безетки чыккан адам болсо, өспүрүм курактагы гормондорго байланыштуу безетки анда да козголушу ыктымал», — дейт врач.