Диетолог кайсы мөмө-жемиштерди тоңдуруп коюу коркунучтуу экенин айтты

Кышында өзүңүздү витаминдер менен камсыз кылуунун бир жолу — жайында мөмөлөрдү тоңдуруу. Муну кантип туура жасоо керектигин диетолог Зоя Богданова айтып берет. 

Ал белгилегендей, мөмөлөрдүн курамындагы пайдалуу заттардын көбү тоңдурулганда сакталат. «Тоңдурулганда мөмөлөр өзүнүн пайдалуу касиетин дээрлик 80 пайызын сактап калат. Бардык витаминдик курамы сакталат, анын ичинде С витамини дагы», — деди Богданова.

«Эгер мөмө-жемиштерди кант менен аралаштырсак, ачыбашы үчүн кантты көп, дээрлик бирге бир салыш керек. Мөмө-жемишти кайнатсак, С витаминин жоготобуз, көптөгөн пайдалуу азыктар жок болот», — деди ал. 

Ал ошондой эле мөмө-жемиштерди муздаткычка салардан мурда аларды таза суу менен жууш керектигин айтты. Ал жуулбаган жемиштер коркунучтуу экенин белгиледи. «Ар кандай патогендик микрофлоралар, бактериялар, силер билбей жеп алчу курт-кумурскалар болушу мүмкүн. Бул чымындын личинкалары, жөргөмүштөр. Булар адамдын ичинде өнүгүп кетиши мүмкүн», — дейт диетолог. 

Ал жуулган жемиштерди буулоо да маанилүү экенин белгиледи. Ошондой эле муздаткычтын температурасы эң төмөн болушу шарт экенин айтты.