Дүкөндө кийим кийип көрүп жатып, кайсы ооруга чалдыгып калуу мүмкүн? Дерматологдон жооп

Дүкөндөн кийим сатып алардан мурун кардарлар аны сөзсүз кийип көрүшөт. Анткени кийим туура келбей калышы мүмкүн. Ошол эле учурда ал кийимди ага чейин бир канча адам кийип көргөнүн ойлошпойт деле. 

Дерматологдор дүкөндө кийимдерди кийген учурда адамдар аллергия жана башка ооруларга чалдыгышы мүмкүн экенин эскертишти. Бул дүкөндөн кийимдерди кийбей эле сатып алыш керек дегенди билдиреби? Албетте, жок, кийим кийип көрүүгө болот, болгону белгилүү бир эрежелерди сакташ керек. Бул тууралуу Tengri Lifestyle жазды. 

Кийим аркылуу жугуучу жана териге таасир этүүчү оорулардын тизмеси:

Окумуштуулардын айтымында, дүкөндөрдө оору жуктуруп алуу коркунучун азайтуу үчүн алыскы илгичтерде турган кийимдерди тандоо керек. Анткени аны көп эмес адам кийип көргөн болушу мүмкүн жана бул бир аз да болсо коопсуз кылат. Кийимдерди сатып алгандан кийин сөзсүз жууш керек.