«Элдин көзүнчө акча санабаңыз». Чөнтөкчүдөн кантип коргоону керек?

Ар бир адам чөнтөк уурулардын курмандыгы болуп калышы мүмкүн, анткени кылмыштын бул түрү күтүлбөгөн жерден орун алат. Чөнтөк уурулуктун көбүнчөсү коомдук транспортто, соода жана базар комплекстеринде, эл көп чогулган жерлерде болот. Чөнтөкчүдөн кантип коргонуу керектигин ИИМден билдиришти.

Көпчүлүк учурларда уурулукка – буюм ээлеринин этиятсыздыгы себеп болгон. Жөнөкөй эрежелерди сактоо менен, чөнтөк уурулукту болтурбоо өзгөчө маанилүү, анткени кылмышты алдын алуу кыйла жеңил:
— ⁠эл көп топтолгон транспортто, дүкөндөрдө же башка коомдук жайларда буюмдарыӊыздарга өзгөчө көңүл бөлүп, сак болуӊуз;
— капчыгыӊыз кийимден ачык көрүнбөсүнө көңүл буруңуз, анткени бул жагдай чөнтөк уурулардын көңүлүн өзүнө бурарын эстен чыгарбаӊыз;
— уюлдук телефонду бейтааныш, же болбосо чочун адамдарга бербеңиз;
— коомдук транспорттордо, же болбосо эл көп топтолгон башка жайларда уюлдук телефонду курга илүүнүн, же аны атайын жипке байлап, мойнуңузга байлап коюнун кажети жок. Кийимиңиздин ички чөнтөгүнө салып коюӊуз;
— көңүл ачуучу жайларда уюлдук телефонду столдун үстүндө, отургучта жана кийим чечинген бөлмөдө кароосуз калтырбаңыз;
— төш чөнтөк капчыктарды колдонуңуз — бул сактоонун эң ишенимдүү ыкмасы, анткени мындай учурларда чөнтөкчүлөр байкатпай уурдай алышпайт;
— сумкаңыздын сыдырмасынын бекитилгендигин текшерип, эл көп жүргөн жерде сумкаңызды бекем кармаңыз;
— эч качан акча каражат салынуучу капчыкты соода арабасына салбаңыз;
— сизге артыныздан, же болбосо капталыӊыздан жакындап турууга аракет кылып жаткан адамдарга ар дайым көңүл буруп туруңуз;
— үйдөн чыгып жаткан мезгилде, капчыгыңызда канча акча каражаты бар экенин эсептеп чыгыңыз. Максаты жок, ашыкча акча каражатын алып жүрбөӊүз;
— капчыктын ичиндеги акча каражатын элдин көзүнчө эсептебеңиз.

Ички иштер министрлиги эскертет: эгер сиз уурулардын колунан жабыр тарткан болсоңуз, же болбосо кылмышка күбө болуп калсаңыз, анда дароо кыска 102 номуру аркылуу байланышыңыз.