Эмне үчүн тамактан кийин дароо чай ичүүгө болбойт? Дарыгер жооп берди

Чай — дүйнөдөгү эң популярдуу суусундуктардын бири. Тамактан кийин чай ичүү көп адамдар үчүн адатка айланган. Бирок дарыгерлер тамактангандан кийин дароо чай ичүү ден соолук үчүн зыян экенин билдиришти. Бул тууралуу Tengri Life терапевт, остеопат Андрей Кимге шилтеме берүү менен жазды.

Анын айтымында, чайдын курамында таниндер бар. «Тамактан кийин дароо чай ичүү адаты ден соолукка зыян келтириши мүмкүн. Ал тамак сиңирүү процессин бузуп, жагымсыз кесепеттерге алып келиши ыктымал. Чайдын курамында таниндер бар, алар темирди жана башка азыктарды байланыштырып, алардын сиңишине тоскоол болот. Бул витамин жана минералдардын жетишсиздигине алып келип, өзгөчө балдар жана аялдар үчүн кооптуу», — деди Ким.

Дарыгер чайды тамактангандан кийин 30-60 мүнөттөн кийин ичүүнү сунуш кылды. «Чайдан ырахат алуудан мурун 30-40 мүнөт күтө туруңуз, бул сиздин организмиңизге бардык пайдалуу заттарды сиңирүүгө жана ден-соолукка байланыштуу көйгөйлөрдөн алыс болууга жардам берет», — деп кеңеш берди Андрей Ким.

Ошондой эле көк чай же чөптөрдүн тундурмаларын тандоо керек. Көк чай кара чайга караганда азыраак таниндерди камтыйт, ал эми чөп чай тамак сиңирүүгө жардам берет.