Эмне үчүн чайды ысык ичүүгө болбойт? Дарыгердин жообу

Орусиялык дарыгер Сури Дадашева эмне үчүн өтө ысык суусундуктарды ичүү адамдын өмүрүнө коркунуч туудурарын айтып берди. Бул тууралуу «РИА Новости» жазып чыкты. 

«Көп адамдар өтө ысык чай, кофе же башка суусундуктарды ичкенди жакшы көрүшөт, бул кызыл өңгөчтүн рак оорусуна алып келет. Себеби ысык суусундуктар кызыл өңгөчтүн ички бетинин клеткаларын бузуп, микротравмаларды пайда кылып, кийинчерээк рактын өнүгүшүнө алып келиши мүмкүн», — деди дарыгер. Ал ысык суусундуктарды ичүүдө этият болуу керектигин, аларды муздатууга муздак сүт кошуу керектигин эскертти.

«Ысык суусундуктарга келсек, алар рактын пайда болушуна, кызыл өңгөч, кекиртекке зыян келтириши мүмкүн деген изилдөөлөр бар. Андыктан чайды кайнак сууга демдеп, бир аз муздатып ичебиз. Чай дене температурасы менен бирдей болсо жакшы болот. Бир аз ысык болушу мүмкүн 40 градус, бирок, албетте, кайнак суу ичүүнүн кереги жок», — деп эскертти дагы бир дарыгер Маргарита Арзуманян.