Эндокринолог: «Бала толук болсо, сөзсүз дарыгерге алып баруу керек. Бул тукумсуздукка алып келет»

«Бала толук болсо, сөзсүз дарыгерге алып баруу керек. Бул тукумсуздукка алып келет», — дейт эндокринолог Дилбар Саттарова.

Анын айтымында, ашыкча салмактуулук оору эмес, абал. Ар бир адам ошол абалдан чыгууга аракет кылышы керек. Ал эми адам ашыкча салмак менен көпкө жүрсө, организмдеги зат алмашууyнун бузулушуна алып келет. «Көп кишилер ашыкча салмакка маани беришпейт. Семиздик эркекти алсыз кылып, аялды тукумсуз кылат. Ашыкча салмактын адамдын жашы менен түз байланышы жок. Эгер бала толук болсо, сөзсүз дарыгерге алып баруу керек. Бул тукумсуздукка алып келет», — деди ал.