Геморройду операция жасап, толук айыктырса болот

Бул ирет “TV Шыпаакана” берүүсүндө конок болгон хирург-проктолог Сапарбек Турдалиев геморройду операция жолу менен алып салып жок кылса болорун айтат.

«Геморройду ар ким ар кандай ыкма менен алышат. Бизде эң ишенимдүү ыкма бар. Анда геморройду алгандан кийин былжырды калыбына келтирип тигип коёбуз. Андан ары кошумча оору чыгышы мүмкүн деген коркунуч болбойт. Бул ыкма менен геморройду алып, экинчи кайталанбай турган кылабыз», — дейт врач.