Гинеколог: «Айыздын оорутуп келиши башка оорудан кабар берет»

SuperTV каналынын «TV шыпаакана» берүүсүндө гинеколог Назгүл Насырова конокто болуп, айыз темасына байланыштуу суроолорго жооп берди.

«Айыз келгенде оорутпашы керек. Эгер айыз келгенде кыздардын бели, табарсыгы ооруса, кайсы бир оорунун белгиси экендигинен маалымат берет. Жатын миомасы, аденомиозу, сальпингоофорит (жатын түтүкчөлөрүнүн шамалдашы), эндометрит (жатындын былжыр челинин шамалдашы) жана башка оорулар болушу мүмкүн. Андыктан гинекологго көрүнүп, текшерүүдөн өтүш керек», — дейт врач.