Градусник сынып калганда эмне кылуу керек?

Бөлмө ичинде градусник сынып, сымап майда бөлүкчөлөргө чачыраган учурда, эң биринчи кадам бөлмөнүн терезе, эшигин ачып, таза аба кирүүсүнө шарт түзүңүз. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Жердеги сымап затын резина кол кап кийип, сууланган гезит, эң майда бөлүкчөлөрүн лейкопластырь медициналык каражатынын жардамы менен чогултуңуз. Чаң соргучту колдонууга болбойт! Чогултулган сымапты суу куюлган желим бөтөлкөгө салып, оозун бек жабыңыз. Таштандыга, сыртка, унитазга таштаганга болбойт. Уулу затты зыянсыздандыруучу адистерге кайрылыңыз.
Сымап төгүлгөн жерди самын жана сооданын ысык суудагы аралашмасы же хлор, марганцовка менен жууп тазалаңыз.
Сымапка уулануунун белгилери:
— Адам сымапка катуу ууланганы 8-24 саат ичинде билинет;
— Алсыз болуу;
— Табиттин жоголушу;
— Баш оору;
— Шилекей жутканда тамактын оорушу, оозго темирдин даамы келиши;
— Ооз көңдөйүнүн канашы;
— Ич оруу;
— Көңүл айнуу, кусуу;
— Ич өтүү;
— Шишик пайда болот. Мына ушу белгилер пайда болгондо, жакын жердеги медициналык мекемедеги дарыгерге кайрылып, тийиштүү жардам алыңыз.