Хирург-проктолог: «Ич өтүү да геморройду пайда кылат»

Бул ирет “TV Шыпаакана” берүүсүндө хирург-проктолог Сапарбек Турдалиев конок болуп, көпчүлүк ачык айта албаган геморрой темасында суроолорго жооп берди.

— Ич катуу гана эмес, ич өтүү да геморройду пайда кылат. Эки учурда тең ыйынганда геморрой түйүндөрүнө күч келип, түйүндөр чоңоё баштайт. Бара-бара канап, ооруну пайда кылат, түйүндөр түрүлүп сыртка чыгып калат. Андыктан туура тамактанып, убагында ичти бошотуп туруу керек.