Инсульттун алгачкы белгилери кайсылар жана кантип биринчи жардам көрсөтүү керек?

Инсульт (апоплексия, мээге доо кетүү) — мээдеги кан айлануунун катуу бузулушу; анда мээ ткандары жана анын функциясы жабыркайт. Инсульт мээге кан куюлуп кетүүдөн же мээдеги кан тамырлардын бүтөлүп калышынан (тромбоз) болот. Инсульт мээге кан куюлтуучу геморрагиялык жана мээни кан менен камсыз кылуучу күрөө тамырдын тромб менен бүтөлүп калышынан пайда болгон ишемиялык болуп бөлүнөт.

Инсульттун кесепеттерине төмөнкүлөр кирет:

Инсультту болжолдоо мээнин жабыркаган аймагынын көлөмүнөн гана эмес, ошондой эле биринчи жардамдын сапатына, оорулууну ооруканага жеткирүү ылдамдыгына, андан ары калыбына келтирүү иш — чаралардын тууралыгына жана көлөмүнө жараша болот. Ишемиялык инсульт алганда жүрөктүн кан агымын калыбына келтирүү үчүн убакыт — 6 саат. Тромболизис үчүн — венага тромб эритүүчү препараттарды киргизүүчү метод — 3 саат.

Инсульттун алгачкы белгилери кандай? Адатта инсульт эртең менен эрте же түн ичинде кармайт. Анын алгачкы белгилери төмөнкүлөр:

Алгачкы жардамды туура кантип көрсөтүүгө болот?

Оорунун кандай себептери бар? Инсульттун себептери болуп төмөнкүлөр саналат:

— жогору кан басым;

– жүрөктүн тез-тез согушу;

— күрөө тамырларда холестериндин тыгылып калышы,

— кандын гиперкоагуляциясы (кан тамырлардын ичинде тромбдун пайда болуусуна жакын болуу).