Иске ууланган адамга кантип биринчи жардам көрсөтсө болот?

Өрт өчүрүүчүлөрдүн айтымында, уулуу көмүртек кычкылы (ис) түсү жана жыты жок болгондуктан, өзгөчө коркунучтуу. Иске уулануу абдан оңой жана ар кандай кырдаалдарда өтөт. Алсак, транспорт каражаттарынан чыккан газдан, көмүртек кычкылы менен уулануу турмуш-тиричилик газынын чыгышынан же приборлордун иштен чыгуусунан, өрткө уулануудан да болушу мүмкүн. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

УУЛАНГАН АДАМГА ЖАРДАМ КӨРСӨТҮҮНҮН АЛГАЧКЫ КАДАМДАРЫ:
— аны таза абага алып чыгуу же кычкылтектүү масканы колдонуу;
— бөлмөлөрдү желдетүү үчүн терезелерди, эшиктерди ачуу;
— жабырлануучунун дем алуу жолдорун бошотуу (галстуктугун, көйнөгүн чечүү), адамды капталынан жаткыруу жакшы.
— адамдын акы-эси жайында болсо, таза абага үзгүлтүксүз чыгуу, кыска мөөнөттүү ингаляцияны камсыз кылып, денени сүртүү зарыл.
— жабырлануучу эс-учун жоготсо, “Тез жардам” келгенге чейин дароо жасалма дем алдыруу керек.