Жер титирөөдө эмне кылуу керек? ӨКМден кеңеш

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жер титирөөдө эмне кылуу керектигин түшүндүрдү.

Кырсык башталганда адам дайыма өзү менен алып жүргөн буюмдарын: телефон жана документтер топтомун алып, 10 секунд ичинде сыртка чыгып кетиши керек. 

Эгерде жер титирөө учурунда адам биринчи кабатта болсо, анда 10-15 секунддан соң, биринчи титирөөдөн кийин көчөгө чыгып кетүүгө мүмкүнчүлүк бар. 

Жер титирөө учурунда адам экинчи кабатта болсо, бөлмөдөгү эң коопсуз жерди табуу (бурч, столдун асты жана башка) керек. Эч качан терезеден секирбеңиз.

Эгер жер титирөө учурунда адам сыртта болсо, туруксуз курулуштардан, кыйроочу чакан имараттардан алыс болуу зарыл. Ачык жерге качып, көрнөк-жарнактардан, күркөлөрдөн, аялдамалардан да алыс болууга аракет кылыңыз. 

1-3 баллга жеткен титирөө билинер-билинбес өтөт. Ал эми 4 баллдан өйдө катталган жер титирөө олуттуу кыйроолорго алып келет. 

Зилзаланын болорун алдын ала божомолдоо мүмкүн эмес. Бирок жер силкинүүнүн алдында бош орнотулган объектилер термелип, жарык өчүп-жана баштайт. Бул белгилер байкалганда дароо керектүү буюмдарды алып, коопсуз жерге жайгашуу зарыл.

Жер титирөөдө ошондой эле өрт учурунда эч качан лифт колдонууга болбойт. Тепкич менен гана түшүү керек. Имараттан чыгып баратканда бардык электр, газ булактарын өчүрүп, суу түтүктөрүн бекитип салган оӊ.