Кандай учурда кесарево жолу менен төрөтүү керек болот? Гинеколог жооп берди

«TV Шыпаакана» берүүсүндө бул ирет кесаревосечение (баланы операция жолу менен жарыкка алып келүү) темасынын алкагында сүйлөштүк. Кандай учурда кесарево жолу менен төрөтүү керек болот? Болочок энедеги кайсы оорулар табигый жол менен төрөөгө жол бербейт? Кесарево жолу менен төрөөнүн терс жана оң жактары кайсылар? Ушул жана башка суроолорго тажрыйбалуу акушер-гинеколог Чынара Иманкожоева жооп берди.

Анын айтымында, кесаревосечение аял кишини табийгый жол менен төрөтүү мүмкүн болбой калган учурда колдонулат. «Бул эки жактын — эне жана түйүлдүк тарабынан болот. Көп учурда бул пландалат. Кайсы бир аялдарды билебиз, пландуу жол менен кесаревосечение менен төрөй алат деп. Дагы бирөөсү ошондой кырдаал болот. Мисалы, табийгый төрөтүп жатып эле кесаревосечение кылууга туура келет. Биринчиден, эненин дене түзүлүшүнө, жамбаш сөөгүнүн анатомиясына жараша болот. Карасак, кыз-келиндердин бойлору, жамбаш сөөгүнүн өлчөмү да ар кандай, айрымдарыныкы кууш. Кууш болуп, төрөлө турган баланын салмагы туура келбесе, сөзсүз кесарево кылабыз. Жүрөгү, бөйрөгү ооругандар бар. Алардын боюна бүткөндө эле кесарево пландалат. Эки-же үч жолу мурда кесарево болгондорго кайра эле пландалат. Ал эми дагы бир учур бул баланын салмагынын чоңдугу. Бала чоң болсо, келин кыйналып калат. Айрым учурларда баланын жүрөгүнүн согушу начарлай баштайт. Ошол учурда баланы тезинен төрөтүп алып керек. Мындай учурда баланы сактап калышыбыз керек болот»,- деди дарыгер.