Жаздын келиши менен Саламаттыкты сактоо мекемелеринде кене чагып алууну каттоо кызуу жүрүп баштайт. Жыл сайын 400дөн ашуун адам медициналык жардам алуу үчүн кайрылышат. Быйылкы жылдын эсебинде Бишкек шаарында 100дөн ашуун адам кене чагууга дуушар болду. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине дарыгер Жыпара Камчыбекова билдирди.
Кененин жандануусу жаздын биринчи айынан баштап, акыркы чагуулары күздүн аягына чейин созулат. Кенелер коркунучтуу, анткени аларда кээ бир коркунучтуу оорулардын козгогучтары бар. Алар: энцефалит, боррелиоз, анаплазмоз жана эрличиоз.
Кыргызстандагы кенелердин көбүндө козгогучтар жок, бирок стерилденген кененин кол салуусу адамдарга коркунуч туудурат, анткени ал күчтүү аллергиялык реакцияларды жаратышы мүмкүн.
Кыргызстанда 17ден ашуу кененин түрү болсо, көп кездешкен 7 түрү бар. Булардын ичинен эң кооптуусу энцефалиттин кенеси. Энцефалиттин шал оорусуна алып келет. Инфекция адамдын нерв системасына таасирин тийгизет.
Дарыгер Жыпара Камчыбекова: “Былтыркы жылдын статистикасы боюнча 400дөн ашуун адам кене чактырып алган. Алардын ичинен бир адамдан кене энцефалитти оорусу аныкталып, медициналык дарылоодон өттү. Быйылкы жылдын эсебинде 100 адам кене чагууга дуушар болду. Бирок учурда кене энцефалиттин оорусу каттала элек. Кене чагып алган 3 адамга имминоглобилин дарысы менен эмделди”.
Кене чаккандан 2-3 саат өткөндөн кийин пайда болгон алгачкы белгилер:
Адамдын алы кетип ныксырай баштайт, уйкусуроо жана дене табы көтөрүлөт. Ошондой эле кене соргон жер оорусу жок чоң кызыл так болуп калат.
Кене чагып алган болсо сөзсүз үй-бүлөлүк медициналык борборлорго кайрылуу зарыл. Үй шартында кенени денеден чыгаруу кооптуу. Кенени денеден чыгарган адам вирусту жуктуруп алуусу мүмкүн.
“Хирург дарыгерлер кенени чыгаргандан соң, аны сөзсүз түрдө энтомологдорго өткөрүп берет. Ал жерден кененин түрүн аныктап, эгер оору чакыруучу кене болсо жабырлануучуга вируска каршы эмдөө жүргүзүлөт. Эмдөө Бишкек шаарындагы Спорттук реаблитациялоо борборунда жүргүзүлөт”,- деди дарыгер.
Кенеден сактануу үчүн, тоого эс алууга бара жаткан адам ачык түстөгү кийимдерди кийүүсү абзел. Анткени ачык түстөгү кийимден кененин кыймылын байкоого болот. Олтурган жерге шалча же жууркан салып олтуруп, дененин ачык жерлерине курт-кумурскалардан сактануучу спрей, кремдерди сээп же сүйкөп кенеден коргонсо болот.