Климакс эмне үчүн эрте башталат? Акушер-гинекологдун жообу

SuperTV каналынын «TV Шыпаакана» берүүсүнө конок болгон акушер-гинеколог Абдисатар Маматысаев аялдардын гормоналдык өзгөрүүсү, климаксты кантип жеңил өткөрүүгө болот ушул сыяктуу деген темада суроолорго жооп берди.

«Климакс ар кайсы аялда ар кандай башталышы мүмкүн. Айрымдардыкы 30 жаштан башталса, айрымдардыкы 50 жашында болот. Климакстын эрте келишине аялдын жашоо шарты, климаттык шарты, спирт ичимдиктерин ичеби-жокпу, чылым тартабы-тартпайбы, оорулары болсо, ага байланыштуу, боюнан көп түшүүсү, бойдон алдыруусу сыяктуу факторлор таасир этет», — дейт врач.