Учурда турак үйлөрдөгү өрт кырсыгынын бир себеби кондиционер болууда. Статистикалык маалыматка ылайык, 10го жакын өрт кырсыгы кондиционерди туура эмес колдонуудан улам келип чыккан. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Мындан улам ӨКМ кондиционерди колдонууда бир нече эрежелерди сактоо абдан маанилүү экенин эскертти.
Көпчүлүк кондиционерлерди узак убакытка толук кубаттуулукта калтырууга болбойт. Ар бир 1,5-2 саат сайын тыныгуу талапка ылайык. Ошондой эле түнү бою күйгүзүү сунушталбайт жана аны эч качан иштетилген абалда калтырбаңыз!