Коронавируска чалдыгып, айыккан адам вирусту кайра жуктуруп алышы мүмкүнбү? Дарыгер жооп берет

Коронавируска чалдыгып, айыккан адам вирусту кайра жуктуруп алышы мүмкүнбү? Бул суроого терапевт Эрмек Исмаилов SUPER TV`га берген маегинде жооп берди.

“Чет элдик маалыматтарга таянсак, коронавирусту жуктуруп айыккан адам аны кайра жуктуруп алышы мүмкүн экени айтылып жатат. Бирок Кыргызстанда мындай факт азырынча катталган жок. Акыркы изилдөөлөрдүн жыйынтыгы боюнча коронавирус менен ооруган адамдардын антителалары 4-5 айга чейин сакталышы мүмкүн. Ошондуктан, “коронавирус жуктуруп алган адам кайра оорубайт” деген маалымат чыкса да, санитардык нормаларды сактоону уланта берүү керек. Балким, сиз ал илдеттин алып жүрүүчүсү болуп калышыңыз мумкүн. Андыктан, жакындарыңызды ойлоп, эрежелерди сактоону уланта бериңиз”, — дейт ал.

Терапевт менен болгон маекти көрүү үчүн шилтеме: 

“Covid-19” илдетинин экинчи толкуну башталдыбы? Сактануу жолдору, дарыгерден кеңеш