Коронавирустан кийин жыт сезүүнү кантип калыбына келтирүү керек? Дарыгерден кеңеш

Коронавируска чалдыкканда жыт сезүү сезиминин бузулушу оорунун 4-7-күнүндө пайда болот, көпчүлүк бейтаптарда жыт сезүү 14 күндүн ичинде калыбына келет. Бирок айрым учурда андан да көп убакытта пайда болушу мүмкүн. Бул тууралуу «Прайм» агенттигине Орусияда коронавирус инфекциясына кабылган бейтаптардын оорусун аныктоо борборунун жетекчиси Мария Петина билдирди.

«Кээ бир окумуштуулар вирус мурун көңдөйүндө жайгашкан жыт сезүүчү нерв жипчелерин жабыркатат деп эсептешет. Гарварддын неврологдору вирус жыт сезүүчү нерв жипчелеринин айланасында жайгашкан клеткаларга да зыянын тийгизет деген пикирде. Анткени дал ушунда вируска клеткаларга кирүүгө жардам берген ACE2 белогу бар. Кошумча клеткалар жок биздин жыт сезүүчү нейрондор толугу менен иштей албай, гипосмия (жыт сезүүнүн төмөндөшү) же аносмия (жыт сезүүнүн жоголушу) келип чыгат», — деди дарыгер.

Анын айтымында, коронавирустук аносмиядан толук айыгуу 3 күндөн 3 айга чейин созулат. Дарыгер айрым учурда бейтаптарга жыт билүүнү кайтаруучу көнүгүүлөр сунушталарын айтты. Маселен, эфир майлары сыяктуу жыпар жыттарды жыттаса болот. Бирок мындай учурларда өзүн-өзү дарылоого кеңеш бербейт жана белгилер башталгандан кийин мүмкүн болушунча тезирээк адиске кайрылууну сунуштайт. «Салттуу медицинаны колдонууга жол берилбейт, мурундун былжыр челине зыян келтире турган жыты бар заттар менен жыт сезүү тесттерин жүргүзүү болбойт», — деди ал.