Кош бойлуу аялдын орозосу кандай болот?

Кош бойлуу аялдын орозосу кандай болот? Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын Фатва, диний адабияттар бөлүмү орозого байланыштуу суроолорго жооп берди.

— Кош бойлуу аял же бала эмизүүчү аял өзүнүн же баласынын ден соолугуна зыян жетүүсүнүн коркунучу болсо, анда алар орозо кармабайт. Бирок ошол орозолорун башка күндөрү кармап берет. Кармалбай калган орозону ордуна фидя берсе өтпөйт.
— Айыз көргөн аял орозону токтотот жана бүткөндөн кийин кайра улантат. Ал эми айыз күндөрү кармалбай калган орозонун казасын (ордун) кармап берет.
— Аял төрөттөн кийинки учурунда орозо кармабайт. Ал башка күндөрү орозонун казасын толук кармап берет. Аялдар айыз жана нифас мезгилинде калган орозолордун ордун кармайт. Ал эми намаздардын казасы боюнча шарият аялдарга жеңилдик кылып, намаздардын казасын окуудан бошоткон.