Күнгө кантип туура күйүү керек? Врач-дерматологдун жообу

Казакстандык врач-дерматолог Станислав Арканников күнгө кантип туура күйүү керектигин Tengri Life басылмасына айтып берди.

Адис күнгө күйүү ден соолукка белгилүү бир шарттарда гана пайда алып келерин эске салды. Күндүн биринчи жарымында саат 11ге чейин, кечки саат бештен баштап күнгө какталуу керек. «Ушул эки убакыт аралыгында күнгө күйүп калуу коркунучу дээрлик жок. Эгер күндүз күн астында болууга аргасыз болсоңуз, анда териңизге күндөн коргоочу крем сүйкөп алуу керек»,- деди ал. 

«Күнгө күйгөндөн кийин териге нымдаштыруучу, азыктандыруучу косметикалык каражат сүйкөп коюу керек. Бул сезгенүү жана күйүккө каршы дары же атайын косметикалык күндөн кийинки лосьон болушу мүмкүн,«- деди ал.