Саламаттыкты сактоо министрлигинен кышында тайгаланып жыгылбаш үчүн эмне кылуу керектигин айтышты.
Тайгак жолдо баратып жаракат алып калбоо үчүн, төмөнкү эрежелерди сактоо керек:
✅Коопсуз жолду тандаңыз;
✅Бут кийимге өзгөчө көңүл буруңуз;
✅Бутуңузду бийик көтөрбөшүңүз керек;
✅Колуңузду чөнтөгүңүзгө салып баспаңыз;
✅Көчөгө чыкканда улгайган адамдар таяк алып жүрүшү керек. Кош бойлуу аялдар коштоочусу жок чыкпаганы оң;
✅Жолдун унаа жүргөн тарабында өзгөчө этият болуңуз;
✅Автобустан же троллейбустан чыкканда кармагычтарды кармаңыз;
✅Муз тоңуп калган көчөлөрдө мас абалында жүрүү кооптуу;
✅Имараттардын чатырларында муздун пайда болушуна өзгөчө көңүл буруу керек.
⬇️Эгерде сиз тайып жыгылып, башыңыз ооруп, көңүлүңүз айланып, муундар ооруп, шишик пайда болсо — дароо медициналык мекемеге кайрылыңыз!