Кышында тайгаланып жыгылбаш үчүн эмне кылыш керек? Министрликтен кеңеш

Саламаттыкты сактоо министрлигинен кышында тайгаланып жыгылбаш үчүн эмне кылуу керектигин айтышты.

Тайгак жолдо баратып жаракат алып калбоо үчүн, төмөнкү эрежелерди сактоо керек:

Коопсуз жолду тандаңыз;
Бут кийимге өзгөчө көңүл буруңуз;
Бутуңузду бийик көтөрбөшүңүз керек;
Колуңузду чөнтөгүңүзгө салып баспаңыз;
Көчөгө чыкканда улгайган адамдар таяк алып жүрүшү керек. Кош бойлуу аялдар коштоочусу жок чыкпаганы оң;
Жолдун унаа жүргөн тарабында өзгөчө этият болуңуз;
Автобустан же троллейбустан чыкканда кармагычтарды кармаңыз;
Муз тоңуп калган көчөлөрдө мас абалында жүрүү кооптуу;
Имараттардын чатырларында муздун пайда болушуна өзгөчө көңүл буруу керек.

Эгерде сиз тайып жыгылып, башыңыз ооруп, көңүлүңүз айланып, муундар ооруп, шишик пайда болсо — дароо медициналык мекемеге кайрылыңыз!