Эң алгачкы айыз – келечектеги аялдын жашоосундагы маанилүү учур. Албетте, өспүрүм кыздын организминде бул учурда кардиналдуу өзгөрүүлөр болбойт. Ошентсе да ал чоңойгонун жана интим гигиенасына тиешелүү буюмдарды колдонууну үйрөнүүсү зарыл экендигин түшүнөт. Өспүрүм кыздар үчүн төшөмөлөрдү тандоодо эмнелерге көңүл буруу керектиги туурасында төмөндөгү макаладан окуңуз.
Гигиеналык каражаттардын кыздар үчүн атайын линейкасы
Өспүрүмдөр үчүн эң мыкты төшөмөлөр – алар кандай болот?
Жаш кыздар үчүн жасалган каражаттардын чоң аялдардыкынан айырмасы барбы? Bella ТМ айыз учурунда максималдуу коргонууну камсыз кылуучу төшөмөлөрдү жана күнүмдүк колдонуучу гигиеналык каражаттардын атайын линиясын иштеп чыкты. Бул жөн гана маркетинг эмес. Биринчиден, мындай продукция жыныстык жетилүү убагында организм үчүн өтө актуалдуу болгон оптималдуу мүнөздөмөлөргө ээ. Экинчиден, буюмду сунуштоонун өзү белгисиздиктен коркуудан, кабатырлануудан арылтып, туура кабыл алууга жардамчы болот. Мисалы, Bella for Teens линейкасы ачык күлгүн кызыл дизайнда, ал эми продукциянын сериялары ар кандай маанайга жана инсандык типке төп келет: Energy, Relax жана Sensitive.
Төшөмө тандоо үчүн кеңештер
Алардын өзгөчөлүктөрү:
- Дем алуучу. Bella for Teens соода маркасынын бардык буюмдарынын аба өткөрүүчү жөндөмдүүлүгү бар – бул теринин дүүлүгүү тобокелчилигин жокко чыгарат.
- Анатомиялык формасы дененин табигый ийри түзүлүшүн кайталагандыктан, кошумча канатчалары менен бирге агып кетүүдөн кошумча коргонууну камсыз кылат.
- Төшөмөлөрдүн үстүңкү катмары Extra Soft назик токулбаган же Silky Dray жумшак жибек торчо материалдан жасалган. Үстүңкү катмары жайлуу, жумшак, терини өйкөбөйт жана дүүлүктүрбөйт.
- Сиңирүү өзгөчөлүгү. Кыздар үчүн төшөмөлөрдө сиңирүүчү ичмегинде суюктукту тез арада гелге айландыруучу суперабсорбент бар. Ал өз кезегинде агып кетүүдөн жана дененин ным менен байлагышуусунан коргойт.
- Минималдуу 2 мм калыңдык. Мындай төшөмөлөр дээрлик сезилбейт жана кийимдин сыртынан байкалбайт, денеге кынала чып жабышкан модалуу шым же легинсилерден баш тартпай эле коюуга болот.
- Жагымсыз жытты жок кылуу. Төшөмөлөрдун курамында жагымсыз жыттан арылтуучу атайын заттар бар. Мындан сырткары төшөмөлөрдүн жыпар жыт берилген түрлөрү да бар. Эгерде интим зонасындагы тери сезимтал жана дүүлүгүүгө жакын болсо, алардын ордуна жөнөкөй төшөмөлөрдү тандаса болот.