Күзүндө кандай тамактануу керек?

Мезгил алмашкан сайын адамдын тамактануусу да өзгөрөт. Жайында жеген жеңил тамактар күзүндө организмди активдүү жашоого керектүү энергия менен камсыз кылбай калат. Бул тууралуу Ден соолукту чыңдоо борборунан билдиришти.
Күздүн келиши менен суук жана нымдуу аба ырайы орноп, күндүзгү убакыттын узактыгы кыскарып, Д витамининин азайышына алып келет. Мунун баары организмдин коргоочу функцияларын азайтып, кээ бир органдардын иштешин начарлатат. Чарчоо байкалат, баш оору пайда болот, адам кыжырданышы мүмкүн.

Денени күз-кыш мезгилине кантип даярдоо керек:

күнүмдүк тартипти сактаңыз жана уктоого туура убакыт бөлүңүз;
баланстуу тамактаныңыз, жигердүү витаминдер менен камсыз кылыңыз;
физикалык жактан активдүү болуңуз — спорт менен машыгуу организмдин резервдик күчтөрүн сезон аралыкта мобилизациялайт;
стресстен сактануу;
аба ырайына жараша кийинүү, суук күндөрү үшүп калбоо үчүн табигый кездемеден тигилген кийимдерди кийүү;
үйүңүздө ыңгайлуу шарттарды сактаңыз (абанын температурасы болжол менен +18ден +22°Сге чейин, нымдуулук 50-60% чегинде); доктурга кайрылгыла.
Алдын ала текшерүүлөр ден соолукка олуттуу кесепеттерден качууга жардам берет.